// //

Этек кирим келгенде төшөктөн тура албай калам. Эмнеге? Гинеколог жооп берет

2020.04.02, 10:57
2333

Саламатсызбы. Мен бардык эле кыздын башынан өтө турган нерсени сурайын дедим эле, бул этек кири тууралуу. Ар бир келген сайын төшөктөн тура албай калам. Ооруну басуучу дарыларды (обезболиващие) ичип атып араң өтөт.

Эмнеге ушинтип ооруйт? Бул ден соолугум үчүн кооптуу эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.04.2020, 19:57

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык! Албетте, этек киринин оорутуп келиши норма болуп саналбайт. Тилекке каршы, мындай көрүнүш бүгүнкү күндө көпчүлүк кыз-келиндерде бар.

Эгер этек кириңиз башталганынан тартып эле келген сайын ушинтип оорутуп жүргөн болсо, бул баштапкы альгодисменорея, деп аталат.

Альгодисменорея – бул менструалдык циклдин бузулушу, толгоого окшогон чыдаткыс оору ичтин төмөн жагында жана бел тарапта болот. Анын себептери жатындын туура эмес жайгашуусу, жыныстык органдардагы сезгенүү процесси, эндометриоз ж.б. болушу мүмкүн.

Мында, организмде простагландин веществосу ашыкча бөлүнүп чыгат. Ал жатын волокнолорун интенсивдүү бирок бир калыпта эмес чыйралып кайра бошоп туруусуна алып келет. Андай учурларда сөзсүз ооруну басуучу дарыларды ичүү зарыл. Маселен, айыз башталганына 2-3 күн калганда спазмолитик же нестероиддик сезгенүүгө каршы препараттарды.

Ал эми айыз учурундагы ооруксунуу кийин эле пайда болсо, бул кандайдыр бир оорунун симптому болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да, гинекологго кайрылып, консультация алуу зарыл.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
02.04.2020, 12:12

Саламатсызбы?Менин сурайын дегеним менин жигитим бар.Ал экообуздун Уруубуз бир уйлонсок болобу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт