Жолдошум мурунку сүйлөшкөн кызы менен жолугушуп жүрүптүр. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Психологго суроо берейин дегем. Турмушка чыкканыма 3 жыл болду, күйөөм экөөбүз жакшы келишпей калдык. Себеби ал мурда сүйлөшкөн кызы менен жазышып, жолугушуп жүргөндөрүн билип калдым.
Кечээ дагы тойго кеттим деп, алдап, башка кыз менен жолугушуп келиптир. Аябай жаман акыбалда калдым. Бир балабыз бар, учурда кош бойлуумун.
Күйөөм бардыгын мойнуна алды, кечирим сурады. Ажырашып кетейин десем, апамдар каршы, “эркектин баары эле ойнойт, чыда, эки баланы жетим кылба”, деп жатышат.
Эмне кыларымды билбей турам, кеңеш бергилечи?
Камила Юсупова
Психолог
Саламатчылык. Сиздин сурооңузга туура жооп же туура чечим болбойт. Кандай чечим болбосун аны сиз, күйөөңүз менен биргеликте кабыл аласыңар.
Сиз башкалардын пикирине көп таянат окшойсуз. Күйөөңүз кечирим сурап, аны менен калуусун суранып жатат, ата-энеңиз чыдаш керек, эки бала менен кайда бармак элең деп жатышат. Ал эми сиздин, өзүңүздүн оюуңуз кандай? Эмнени каалап жатасыз? Күйөөңүздүн жанында калып, мамилени калыбына келтиргиңиз келеби?
Эгер “ооба” деп жооп берсеңиз анда жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп, өзүңүздүн сезимдериңиз, ойлоруңуз менен бөлүшүңүз. Ал башкалар менен сүйлөшүп, жолугушканда кандай абалда кала турганыңызды айтыңыз.
Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн эки тараптын тең сүйүүсү, каалоосу жана аракети болууга тийиш. Башкысы, силердин үй-бүлөңөрдүн тагдырын экөөңөр гана өз сезимдериңерге жана каалоолоруңарга таянып чечесиңер.
Ажырашам деген ойго келсеңиз да, алгач күйөөңүзгө айтып, билдириңиз. Ата-энеңиз эмне деп ойлоп калышат, алар кандай кабыл алат деген нерселер, сиздин жеке чечимиңизге эч кандай таасирин тийгизбеши керек.
Кандай чечим кабыл алсаңыз да жакындарыңызга жеткиликтүү түшүндүрүп берүү жолун таба аласыз деген ойдомун.
Бактылуу болуңуз!
Психолог Камила Юсупованы инстаграмдагы @institute_auca_kg баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынган.