// //

Келечек жөндөмдөрү: Жумушсуз калбаш үчүн эмне кылуу керек?

2018.11.20, 14:15
6334

Москвадагы эл аралык билим берүү салонунун атайын долбоорлор менеджери жана “Жаңы кесиптер атласынын” регионалдык өнүктүрүү жетекчиси Анна Михайлова 21- кылымда адамдар кандай жөндөмдөргө ээ болуу керектигин айтып берди.

Келечекте суроо-талап жараткан адис болуш үчүн азыр эмне кылып жатасыз?

Көпчүлүк жаштар эртеңки күнүн ойлонбойт. 1, 5 же 10 жылдан кийин жашоосу кандай болоорун билбейт.

Өзгөрүүлөр бардык тармакта болуп жатат. Келечекте айрым кесиптер менен жөндөмдөр толугу менен жоголот.

Бир күнү өмүр бою балка менен иштеген завод кызматкеринин колуна перфоратор берип, “муну менен таш эмес, композиттик материалды кагасың”, - деп, үстүнөн карап турган жетекчисин алып, жасаган жумушуна өзүн жоопкерчиликтүү кылып коюшту. Байкуш перфоратор менен иштегенди билбейт, композиттик материал эмне экенин түшүнбөйт, жоопкерчилик алууга даяр эмес. Ошентип жумушу жок калды.  

Келечекте эмгек рыногунда калып, суроо-талап жараткан жумушчу болуш үчүн негизги жөндөмдөргө ээ болуу керек. Алар:

Санариптик сабаттуулук - гаджеттерди колдонгонду үйрөнүү.

Кооперативдүүлүк - командада иштегенди үйрөнүү.

Креативдүүлүк -  креативдүү ой жүгүрткөндү үйрөнүү.

Концентрация - ойду бир жерге топтоону үйрөнүү.

Экологиялык ой жүгүртүү - жаратылыш ресурстары түгөнүп жаткандыгын билүү.

Эмоционалдык сабаттуулук - эмоцияларды башкарганды үйрөнүү.

Кайсы кесиптин ээси болбоңуз, эгерде бул жөндөмдөрдү өздөштүрүп алсаңыз баардык тармакта иштей аласыз!

21 -кылымдын жаңы жөндөмдөрү

  • Кроссконтексттик жөндөмдөр

Коомдук же жеке иште пайдалуу болушу мүмкүн.

- Окуу, жазуу жөндөмдүүлүгү

- Тайм -менеджмент

- Командада иштөө жөндөмдүлүгү.

Мурда билимди мектептен жана университеттен гана алып келгенбиз. Азыр мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Үйдө олтуруп алып Американын университетинде окуса болот. Жаңы нерсени үйрөнүү үчүн изденүү жана аракет керек. 

  • Экзистенциалдык жөндөмдөр

Бул жөндөмдөр өмүр бою керек болот.

Алдыга максат коюп ага жетүү

- Эрктүүлүк

Өзүн-өзү таанып билүү

- Баамчылдык

Үйрөнүү жөндөмдүүлүгү

- Өзүн-өзү өркүндөтүү.

Эмне үчүн бул жөндөмдөрдү өздөштүрүү керек?

  • Кесипкөй болуу үчүн;
  • Суроо -талап жараткан адиске айлануу үчүн;
  • Каалаган тармакта иштөө үчүн;
  • Жумуш берүүчүлөрдүн көңүлүн буруу үчүн.

Билим алуу эч качан кеч эмес!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт