// //

Карантин учурунда төрөлгөн балдардын күбөлүгүн кеч алсак айып пул салынбайбы?

2020.03.31, 14:25
1220

Мен 17 - мартта тородум, справка берген төрөт үйүнон,туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн. Азыр карантин болуп эч жакка чыга албай жатабыз. Справканын мөөнөтү 1 эле ай экен. Кандай кылсак туура болот? Азыр иштеп жатабы күбөлүк алган жер?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.03.2020, 14:27

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда Мамлекеттик каттоо кызматынын ведомстволук бөлүмдөрү, анын ичинде «Унаа» ишканасынын бөлүмдөрү, калкты тейлөө борборлору жабылат

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ош областынын Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында, Жалал-Абад областынын Сузак районунда, ошондой эле Баткен областында, 2020-жылдын 31-мартынан тартып Мамлекеттик каттоо кызматынын бардык ведомстволук бөлүмдөрү  өлкөдөгү кырдаал турукташмайынча жабылат.

Алар: калкты тейлөө борборлору, «Унаа» мекемесинин, «Кыргыз почтасы» ишканасынын жана Архив агентствосунун бөлүмдөрү, ошондой эле жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрү.

Тийиштүү чечим 27-мартта Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Өзгөчө абал киргизилбеген республиканын башка аймактарында, ведомстволук бөлүмдөр кадимки режимде иштейт.

Каттоо кызматы чет өлкөлүк жарандардын каттоосун узартуу, ошондой эле 2020-жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейин төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу калкты тейлөө борбору ачылгандан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн экендигин эскертет. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 275-беренесинде каралган айып пул салынбайт. Бул чечим республика боюнча колдонулат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт