Марттын аягында төрөшүм керек болчу, толгоом тарап кетти, эмне кылышым керек?
Саламатсызбы. Алтынчы балам менен кош бойлуумун. Марттын акырында деп төрөлө турган мезгили белгиленген. Жашым 41де. Толгоом тез-тез болуп анан кайра эле тарап кетип жатат. Эртеси кайра кайталанат. Бир жумадан бери ушундай, эмне кылышым керек?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Урматтуу айым, сиз тез арада доктурга кайрылышыңыз керек. Учетко турган гинекологго же болбосо төрөт үйүнө барыңыз. Сиз айтып жаткан нерсени медицинада “прелиминарный период” деп коюшат.
Прелиминардык мезгил – бул туруктуу эмес, аз-аздан толгоонун болушу. Мындайда ичтин төмөн жагы тырышып, түйүлүп оорутат. Организмдин бул абалы толгоонун алдында болушу мүмкүн. Адатта сегиз сааттан ашык эмес убакытка созулат. Эгер прелиминардык мезгил андан көп жүрсө бул патология болуп саналат. Тез арада доктурга кайрылыңыз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!