Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн керектүү ресурстар
2020.03.30, 15:57
3765
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн төмөндөгү онлайн ресурстарды сунуштайт.
- ЖРТга даярдануу боюнча кыргыз жана орус тилиндеги колдонмо. Ал ЖРТга катышуу үчүн каттодон өткөн ар бир абитуриентке берилет жана Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтынын (www.testing.kg) Жалпы республикалык тестирлөө бөлүмүндө жайгашкан - http://www.testing.kg/ru/ort-test/besplatnye-broshjury-2016-goda-po-podgotovke-k-ort.html
- Негизги тесттин бардык бөлүмдөрү жана предметтик тесттердин баарын камтыган кыргыз жана орус тилдериндеги ЖРТга даярдануу боюнча видеосабактар. Ал Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун сайтында (http://www.testing.kg/ru/v-pomosch-abiturientu/videouroki-po-podgotovke-k-ort..html) жана ютуб каналында жайгыштырылган - https://www.youtube.com/channel/UCOAmPCmMuZdKbSL1NP9YKOQ/videos?disable_polymer=1.
- ЖРТнын негизги тести боюнча 2019-жылы тартылган жаңы кыргыз тилиндеги видеосабактар. Ал Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун (ББОУБ) сайтында (www.testing.kg), Илим- Элим онлайн билим берүү платформасында жана ББОУБнун ютуб каналында жайгашкан - https://www.youtube.com/channel/UCOAmPCmMuZdKbSL1NP9YKOQ/videos?disable_polymer=1.
- Кыргыз жана орус тилдериндеги (негизги жана предметтик тесттер) акысыз онлайн (2 вариантта) сынак тест. Шилтеме - http://testing.kg/ort/.
- Билимди баалоо окутуу усулдары борборунун Фейсбуктагы (https://www.facebook.com/testing.kg/) жана Инстаграмдагы (https://www.instagram.com/ort_ceatm_official/) баракчаларында ЖРТ тууралуу маалымат, негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу боюнча кеңештер бар.
- «Кут билим» гезитинде жарыяланган ЖРТнын тапшырмаларынын мисалдары бул шилтемеде - http://www.testing.kg/ru/ort-test/primery-zadanij-obscherespublikanskogo-testirovanija.html.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.