// //

Беш жаштагы балам “мага карантин жакты, апам экөөң үйдөсүңөр” деди

2020.03.30, 15:18
2498

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Эртең менен кетип кечинде келип жатып алабыз"

- Тезирээк бүтсө экен.

- Айтпа.

- А мага карантинде отурган жакты.

- Кой антпе!

Балам сөзүн бүтүргүчө, аялым экөөбүз тыйып койдук. Таарынып басып кетти. Өзүм кайра жаман болуп, артынан жөнөдүм. Жерге жатып алып сүрөт тартып жатыптыр.

“Беку, бизге таарынып калдыңбы?”, башын сыласам колумду түртүп жиберди. Беш жашта. Өтө зээндүү, сезимтал, баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат.

- Кечирип койчу экинчи антпейм. Эмне үчүн карантинде отурган жакты айтып бересиңби?

- Жок!

- Айтып берчи эми.

- Апам экөөң үйдөсүңөр, ошон үчүн жакты- деп бурк этти.

Уулумдун сөзүндө чындык бар. Келинчегим экөөбүз жумуш деп эле кайдадыр шашып жүрөбүз. Эртең менен кетип кечинде келебиз. Балабызды бала бакчадан алганга убакыт таба албай чоң энесине чалабыз. Кантип бешке чыкканын  байкабай калдык. Эркелейин же ойноюн деп жаныбызга келсе, “чарчадым, анан”,- деп түртүп коебуз.

Эхх, акча деп жүрүп, уулубуздун эсинде кала турган эң сонун убакытты текке кетирдик.

Азыр барыбыз карантинде үйдөбүз. Эртең менен шашпай ойгонуп, бир үй-бүлөдөй болуп чогуу отуруп тамактанабыз. Китеп окуп, гүлдөргө суу куюп, тамак жасайбыз: уулум экөөбүз апабызга жардам беребиз. Кечкисин кино же балам сунуштаган мультфильм көрөбүз, отуруп алып лего чогултабыз, PUBG ойнойбуз сүрөт тартабыз.

Эң негизгиси сүйлөшөбүз, толгон-токой суроолорун берет, мен шашпай, эрикпей анысына жооп берем. Мурдагыга караганда аябай жакын болуп калдык. Карантинде отуруп жашоодон ырахат алып, жөнөкөй нерселерди баалап, жөн гана жашаганга үйрөнүп жатабыз. Буйурса, баары бүтсө, мурдагыдай болбой турганыбыз анык. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт