// //

Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?

2020.03.30, 11:44
1772

Саламатсызбы. Менин суроом юристке. Мен 2015-жылы Бишкектен батир алуу үчүн төрт жылга 400 миң сом кредит алгам, батирди да сатып алдык. Кийин келинчегим мага айтпастан үйүбүздү сатып жиберген. 2016-жылы келинчегим менен ажырашып кеттим. Ортодо бир кызыбыз бар, ЗАГС жок. Кредиттин баарын мен төлөдүм. Сотко арыз жазсам болобу? Менде баардык документтер төлөгөн квитанцияларым бар. Келинчегим мага чейин эки жолу турмуш курган, мен үчүнчүсүмүн. Алардан да квартира алдырганын угуп калдым. Кандай чара колдонсом болот? Алимент төлөймүнбү ошондо?  Мүмкүн болсо, эртерээк жооп алып берсеңер. Рахмат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.03.2020, 11:47

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Батирди кандай келишим менен сатып алгансыңар? Келинчегиңиз сизге айтпай туруп кантип сатып ийген? Так маалымат жок болгондуктан кеңеш берүү кыйын болуп турат.

Ал эми насыяны төлөгөндүгүңүз тууралуу квитанцияларды сактап коюңуз. Андан тышкары башкаларга да үй алдырып, сатып жиберген экен, деп жатасыз. Бул жерде кылмыш жосуну бардай, антыктан милиция кызматына арыз менен кайрылыңыз, деп кеңеш берем.

Алимент жөнүндө айта турган болсом, эгер нике катталбаса, демек документке баланын атасы катары да жазылган эмессиз. Аталыгыңыз аныкталмайынча, алимент чектелбейт.

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт