Кош бойлуумун күрөң түстөгү “выделение” келип жатат, коркунучу жокпу?
Саламатсызбы. Жашым 22де, эки айлык боюмда бар. Учурда күрөң түстөгү “выделение” келип жатат. Өтө көп, анан суюк. Мунун эч кандай коркунучу жокпу?
Оң бутум да жамбаш тарабынан тартып оорутат, аксап басып калам. Ушул эки суроомо жооп алып бериңизчи? Биринчим болгон үчүн билбей атам.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Жыныстык органдардан кан сыяктуу суюктуктун келишинин бир нече себеби болушу мүмкүн:
- Эң жөнөкөйү, жана көп кооптонууну жаратпаганы бул, кош бойлуулуктун фонунда жамбаш сөөк тарапта жайгашкан органдарга кан көп келип, кан тамырлардын сезимтал болуп калышы. Көбүнчө жыныстык катнаштан кийин же болбосо сезгенүүдөн улам пайда болот.
- Кийинки себеби, хориондун жарым-жартылай бөлүнүшү. Кандын өңү күрөң болсо, демек процесстин жүргөнүнө көп убакыт өткөн.
- Ал эми эң олуттуу себеби, ичтеги баланын өспөй калышы. Аны УЗИге түшкөндөн кийин гана так аныктоого болот. “Замершая беременность” диагнозу коюлганда тез арада ичти тазалатып, түйүлдүктүн калдыктарын чыгарып салуу зарыл.
Бутуңуздун ооруганынын да бир нече себеби бар. Балким, тромбоз болуп жатат. Мындайда тез арада чара көрүү керек. Андан тышкары “седалищный нерв” кыпчылып калган болушу мүмкүн. Аны эч кантип дарыласа болбойт, көбүнчө төрөттөн кийин өзү эле жок болот.
Кандай болгон күндө да доктурга көрүнүп, консультация алып коюшуңуз зарыл.
Ден соолукта болуңуз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.