// //

Сүйлөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши

2020.03.29, 15:40
3036

Мен 18 жаштамын. Сүйлөшкөн кызым бар. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө жарым жылдан ашты. Бирок өбүшө элекпиз. Кандай ыкмаларды колдонсом болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.03.2020, 15:43

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Сиздин жаш курагыңыз мамиле куруу үчүн эң сонун учур. Менимче сиз сүйлөшкөн кызыңызды абдан сыйлайсыз, ошондуктан өзүңүздү жоготуп эмне кылышты билбей турасыз.

Мен сизге кандай ыкма колдонуу керектигин чын дилимден айтып, кеңеш бергим келип турат. Бирок жашоодо андай стандарттар жок.

Мамиле курууга өскөн чөйрө, алган тарбия, стереотиптер, жеке тажрыйба, жана башка көптөгөн факторлор таасирин тийгизет. Андан тышкары сиздин мүнөзүңүз да маанилүү. Балким өтө уялчаксыз, өзүңүзгө ишенбейсиз, башкалардын сын пикиринен коркосуз, өзүңүздү ашыкча сындайсыз?

Алгач ички сезимимңизге көңүл буруңуз. Ал тууралуу ойлонгондо ичиңизде кандай эмоциялар жаралат? Аны менен жолугушканда, сүйлөшүп отурганда? Андан кийин бул мамиледен эмнени күтүп жатасыз? андан аркысы кандай болот? Ушул суроого да жооп бериңиз.

Сүйлөшкөн кызыңыздын пикирин сураңыз. Себеби кандай гана мамиле болбосун бардыгынын өзөгү бул – диалог. Анын жообун угууга даярсызбы? Бири-бириңердин сезимдериңерди билип, ортодо ишенүү пайда болгондо гана бир пикирге келүү кыйла жеңил болот.

Ийгилик!

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт