// //

Кайын сиңдим “капаланбаңыз жеңе, апам сүйлөй берет” деп колдоп турчу

2020.03.28, 13:53
5162

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Бирөөсү дагы “рахмат жеңе” дегенге жараган жок"

Өз алдынча шаарга бөлүнүп келгенден бери ондон ашык студент бактым. “Жатаканада орун бошогуча эле” дешип жүктөрү менен көчүп келишет. Кызыгы орун университетти бүткүчө бошогон жок.

Тамак ичишет, жатышат, кайра окуусуна кетишет. Бөлмөсүнө кирсең баса турган жер жок. Сыйлап апам берген кыжым төшөктөрдү салдым эле, ит акмагын чыгарышыптыр. Бир кол кабыш кылып койгонго жарашпайт. Кичине жумшап койсоң, болду айылга кабар кетет. Эртеси ата-энеси чалат.

- Бир аз эле чыдап койчу, жок дей албайт экенсиң.

- Сага билинбейт, эртеден-кечке жумуштасың. А мен кийимдерин жууйм, тамак жасайм. Муну эч ким билбейт.

- Баарын түшүнүп турам, эми айла жок.

Күйөөм экөөбүз ар дайым уктаар алдында бир сыйра урушабыз.

Ушунча студент бактым, бирөөсү да окуусун бүтүп кетип жатып “рахмат жеңе” дегенге жараган жок. Жылуу сөз айтып койсо, баардык кылыктарын унутуп, ичим жылып калат эле го. Эхх...

Кайын сиңдим мектепти аяктады. Студенттер келет дегенде мынчалык сүйүнчү эмесмин. Бирок, кайын сиңдим алардай эмес. Акылдуу, боорукер, тарбиялуу кыз.

Жаңы келин болуп барганда эле кайын энемдин кыялы начар экенин байкагам. Мага корс мамиле жасап, катуу бакырат. “Капаланбаңыз жеңе, апам сүйлөй берет”,-деп, ыйлап отурсам кайын сиңдим келип, тамаша айтып көңүлүмдү көтөрөт. Күйөөм жаз келээри менен бөлүнөөрүбүздү эскертип алаксытат. Кыйын күндөрдө ушул эки адам мени колдоду.

Кайын сиңдим 300 сомго жетпеген стипендия алат. Кайын энем акча бербейт. Жол киреси, кийим-кечеси биздин мойнубузда. 8-март күнү менин сүйүктүү “творожный” тортумду көтөрүп келиптир. Кымбат экенин жакшы билем. Атайын стипендиясын коротпой чогултуп жүргөн экен. Рахмат айтып, көзүмө жаш алгам.

Ушунча студент бактым, бирок ошолордун арасынан кайын сиңдиме гана ыраазы болдум. Ар дайым жардам берип, “келиңиз мага бериңиз” деп турчу. Азыр ал эки баланын энеси. Арадан канча жылдар өтпөсүн мага болгон мамилеси өзгөргөн жок. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келинчегимди жоктоп жатканда, мага жаңы аял издегендер көбөйдү

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт