// //

Күйөөмдүн ойношунан кантип кутулам? Адистен кеңеш

2018.11.19, 16:32
5082

"Мен мындан ары чыдай албайм", - деп окурманыбыз Гүлзат өз башынан өткөн окуясын биз менен бөлүштү. 

Турмушка чыкканыма быйыл 3 жыл болот. Бир кызыбыз бар, экинчисин күтүп жатабыз. Күйөөм келишимдүү, боорукер, баласаак, эмгекчил адам. Тапканын үйгө ташыйт. Бирок, ага болгон сүйүүм муздап барат...

Акыркы убактарда көзүмө тике карабай, эмнегедир менден жалтактап калды. Башында маани берген жокмун. Кийин курбума айттым.

- Ай, ушу күйөөң соо эмес, бир аңдып көрбөйсүңбү? 

- Жама, кайдагыны айтпачы, оюң эле жаман. 

Түнү менен уктаган жокмун. Кантип аңдыйм, бала менен үйдө болсом, ай-күнүм дагы жетип калган. 

Бейтапканага анализ тапшырганы барышым керек эле. Суукта кызымды ээрчитпей, күйөөмдүн жумушуна таштап койдум. Кечинде тамак ичип олтурганбыз. Аңгыча кызым:

- Бүгүн бир эже атамды бетинен өптү. 

Шарт бурулуп жолдошумду карадым. Кызарып кетти. Актанабы десем үндөбөдү. Чыдамым түгөндү. 

- Канат, ким ал? Жашырам деп убара болбо...

- Кызым бар ойноп турчу.

- Демек, бирөө бар дечи...

- Гүли, мени туура түшүн. Кандайча болуп кеткенин өзүм да билбей калдым. Азыр мен андан кете албайм. Мага убакыт керек. Ызы-чуунун кереги жок. Суранам.

Унчуккан жокмун. Бөлмөмө кирип кеттим. Ыйладым.

Бир ай өттү. Тандай элек. Кетип калгым келет, бирок, бараар жерим, жумушум жок. Эки балам менен эч кимге батпайм. Мага кеңеш бериңизчи. 

Гүлбарчын Жумабаева, эрте курактагы никелер жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча эксперт

Урматтуу окурман! КРдын мыйзамдарына ылайык бир гана аял алууга уруксат берилген. Үй-бүлөсү бар болуп туруп, кайра башка аял менен жакын мамиледе болуу - аморалдык жүрүм-турум. Учурдагы абал сизди, балдарыңызды психологиялык жактан жабыркатып жаткандыгын күйөөңүзгө түшүндүрүңүз. Чогуу олтуруп ачык сүйлөшүңүз.

Эгер сүйлөшүү учурунда уруп-сабоо же коркутуп-үркүтүү болсо, анда жолдошуңуз сизге карата психологиялык же дене-бойлук зомбулук жасаган болот. Бул үчүн КРнын " Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" кодексинде жоопкерчилик каралган.

Ошондой эле, дайыма иштеген ишим, үйүм жок деген коркуу сезими менен жашаганды токтотуңуз. Акырындап өзүңүзгө ылайыктуу жумуш издеп, материалдык жактан көз карандысыз болгонго умтулуңуз. Өзүңүзгө ишенүү сезимиңизди өстүрүңүз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт