Чач тарачка барсам, чачымды мен каалабаган түскө боеп коюшту
2020.03.27, 14:00
1233
Саламатсызбы! Мен чач тарачка чачымды боеткону баргам, бирок мен каалаган түскө боебой, башкача кылып коюшту. Уруш чыгарсам, администратор кууп чыкты. Акчасын алдын ала төлөп койгом, кайтарып бербей жатышат. 3000 сомдой кетти эле. Өндүрө аламбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.03.2020, 14:05
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү" мыйзамынын негизинде өзүңүздүн укугуңузду коргосоңуз болот. Анткени бул мыйзам боюнча, сизге көрсөтүлгөн кызмат сиз кызмат көрсөтүүчү менен алдын ала келишкендей жана сапатуу болууга тийиш. Өз акчаңызды өндүрүп алуу жөнүндө сотко доо арыз менен кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп