// //

Кайын энем түндө күйөөмө чалып “жаным сени сагындым” дейт

2020.03.26, 16:51
16282

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Оозунан шүгүр деген сөз чыкпайт"

Көптөн бери кайын энеме таарынып жүрөм.

Күйөөм менен азыр чет жакта иштеп жатабыз. Кайын энемдин жанынан узакта болсок да, биз менен жашап жаткандай эле. Түндөсү саат үчтө “жаным сени сагындым, сенсиз мага жашоо жок”,-деп баласына чалат. Уулун менден кызганат, ар кандай амалдарды ойлоп таап, чогуу жашаткысы келбейт. Сүйүктүү баласынын канынан жаралган небересине мээрим төкпөйт. Кыйналып ооруп жатса, бейтапканага алып барганга жарабайт.

“Кана, кана, кана”, талап кылганды эле билет. Оо кудай, оозунан шүгүр деген сөз чыкпайт.

Уялганда эмне, ич кийимдеримди өз ата-энем алып берет. Байкуштарым мага кошуп баламды дагы камсыздайт. Бул учурда кайын энем күйөөмө чалып алып, “жебегенин алып берип, кийбегенин кийгизип жатам”,-деп калп сүйлөйт. Күйөөм апасына ишенип отура берет.

Күйөөм экөөбүз чет жактабыз дебедимби. Кайын энемдин үйүндө шарт жок. Чоң адам чыдап жүрө берсе, кичинекей бала бат-баттан сыркоолоп кыйналат экен. Баламдын ооруп жүргөнүн көрүп жүрөгүм чыдабай жатат.

Мени кара жерге миң ирет киргизип каргады. Душманына жасабаган жооруктарын көрсөттү. Ар бир кылыгы эсимде. Кечиргим келет, бирок алым жетпей жатат. Жөн гана бактылуу болуп жашагым келет. Айткылачы, бул үчүн эмне кылуу керек?

Адис кеңеш берет

Асель Баимбетова, психолог

Учурда балаңыз кимдин колунда түшүнгөн жокмун. Катыңызда салыштыруу көп, кайын энеңиз менен атаандашып жаткандай сезим калтырды. Кайын энеңиздин өзүнүн ролу бар, ал баласына кандайдыр бир сөзүн айтып, ролун ойноп жатат. Ал эми сиз болсо, аны карап отурасыз. Ичиңизде таарынычтар көп.

Түшүнгөнүм боюнча кайын энеңизден бир нерсе күткөнсүз, балким колдоо, каржылык жардам, жакшы сөз дегендей. Ал бул нерселерди жасаган жок. Сиз үмүтүңүздү үзбөй, кечирим сурайт деп дагы эле үмүттөнүп жүрөсүз. Бирок, кайын энеңиз күтүүлөрүңүздү актаган жок, таарынычтарыңыз уламдан-улам өсүп жатат.

Бул нерседен арылуу үчүн биринчиден кайын энеңизден болгон күтүүлөрүңүздү карап чыгыңыз. Кайын энеңиз сиз үчүн бир нерсе кылууга милдеттүү эмес. Ал баласы менен мамиле куруп келген жана келе берет. Кайын энеңиз баары бир эч нерсе кылбайт, акча бербейт, колдобойт, айткан сөздөрүн айта берет. Күйөөңүз менен жашаган жагабы? Анткени сиз  кайын энеңизге турмушка чыккан жоксуз.

Кайын энеңизди анчалык жаман көрсөңүз, эмне үчүн балаңызды ага ишенип таштап кеттиңиз. Эгер өз ата-энеңизге калтырсаңыз, анда ата-энеңиз биринчиден сиз үчүн балаңызга карап жатышат. Бирок алар дагы бул нерсени жасоого милдеттүү эмес. Эч ким аларды мажбурлаган жок, өз каалоосу менен балаңызды камсыздап жатышат.

Балким ойлоруңузда идеалдуу бир сүрөт бар, ал эми реалдуу турмушта андай болбогондуктан, кайын энеңизде болгон талаптарыңыз көп. Сиз кичинекей бала эмессиз, талаптарыңызды алып таштаңыз. Дагы айтам кайын энеңиз сизге, сиз ага бир нерсе кылууга милдеттүү эмес. Күйөөңүз экөөңөр бири-бириңерди сүйүп чогуу жашагандан кийин, бири-бириңердин алдыңарда белгилүү бир жоопкерчилик бар. Калган учурда эч ким эч кимге милдеттүү эмес!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келинчегимди жоктоп жатканда, мага жаңы аял издегендер көбөйдү

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт