// //

Сакадай бойлуу жигитимди жандап баскандан уялам

2020.03.26, 13:03
2459

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет. 

"Бир көйгөй бар – бою 159 см"

Боюм 170 см. Баскетбол ойнойм. Шаардагы университеттердин биринде окуйм. Кем-каржыма жарап калсын деп кийим саткан дүкөндөрдүн бири менен фотомодель болуп иштешем.

Артыман көп жигит чуркайт. Бирок, баары тең мени менен олуттуу мамиле кургусу келбейт, мындайча айтканда ойлору таза эмес. Убагында бир жигит менен сүйлөшкөм. Бирок, ал аябай кызганчаак эле, сүрөткө түшкөндү бери кой, баскетбол ойнобо дечү. Кой мындай жашоо болбойт деп, кол үздүм.

Жарым жылдан бери бир жигит сезимдерин арнап жүрөт. Аябай камкор, ачка болуп жатам десем, түнгө карабай тамак көтөрүп келет. Күндө чалып, маанайымды сурап турат. Белек берип көңүлүмдү көтөргөндү жакшы көрөт. Кыскасы, ар бир кыздын кыялындагы жигит. Бир көйгөй бар – бою 159 см.

Киного, кафеге чакырат, а мен аны менен баскандан, курбуларым менен тааныштыргандан уялам. Мени катуу сүйөөрүн көздөрү айтып турат. Сезимдерин жоопсуз калтыргым келбейт, бирок бою мени ойлондурат. Жок деп койсом, кийин мындай жигит таппай каламбы деп корком.

Колумду сураган. Ойлонуп көрөйүн дедим. Абдан эмгекчил, жетиштүү акча табат. Мыкты күйөө болооруна көзүм жетет. Эмне кылышты билбей калдым.

Адис эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум! Бул жерде олуттуу эч кандай көйгөй жок. Эгер сиз 40 жашта болсоңуз, бул тууралуу ойлонбойт дагы элеңиз. Эң башкысы адамдын жан дүйнөсү жана сизге болгон мамилеси, тилекке каршы баары эле муну түшүнө бербейт, же болбосо кеч түшүнөт. 

Эгер ал жигит өзүңүз айткандай, эмгекчил, боорукер, жаман адаттары жок болсо - анда эч күмөн санабаңыз. Сыймыктануу менен басып жүрүңүз жана бактылуу болуңуз!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Келинчегимди жоктоп жатканда, мага жаңы аял издегендер көбөйдү

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Апам күйөөмө идиш жуудуруп, тамак жасатат

Мени сүйбөгөн жигитти өз акчама эс алдырып келдим

Студенттер тууганыңардын үйүндө жашабагыла! Таежеси тажаал кыздын баяны

Эки бала менен кайда барам? Айтканыңды аткарам, бирок мени кууба, деп жалдырадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт