Балам атасынын үйүнө барып келсе эле жаман сөздөрдү сүйлөп калат
Саламатсызбы! Күйөөм экөөбүз ажырашып кеткенбиз. Бир балабыз бар, ал мени менен турат, дем алыш күндөрү атасы алып кетет. Келгенде балам сөгүнүп, жаман сөздөрдү сүйлөп калат, күйөөм ага мени да жамандайт экен. Баламды бербей койсом болобу? Аталык укуктан ажырата аламбы?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Аталык укуктан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 74-беренесинде көрсөтүлгөн негиздер болуусу керек. Тактап айтканда ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:
1. ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;
2. жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;
3. ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;
4. балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;
5. аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;
6. өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;
7. жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе.
Ал эми баланы көрсөтпөй коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекстинин 71-беренесинин 1-бөлүгүндө "Бала менен чогуу турган ата-эненин бири баланын башка ата-энесинин бири менен катташуусуна тоскоолдук кылбашы керек, эгерде мындай катташуу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирбесе" деп көрсөтүлгөн.
Демек, баланын атасы менен катышуусу тулку-боюна жана психикалык жагынан дени сак, ыймандуу өсүп-жетилишине залал келтирсе жолугушуна каршылык кылсаңыз болот.