// //

Кошуналар кайын энемден эмес, абысынымдан күрөк сурайт

2020.03.20, 13:42
21240

Кайним үйлөнүп сонун болду. Күйөөм үйдүн уулусу, дароо бөлүндүк. Кайын журтум жакшы. Болгону кайын энем өтө эле зыкым. Эми айтайын дегеним, бай тургандарына карабай колу ачык эмес.

"Көп жешет" деп конок тосконду жаман көрөт. Конфет, печеньелерди беш-бештен кылып санап салат. Суюк тамакка бир эле картошка кошот. Эт түгөнүп калат деп астырбайт. Жадакалса, кир жуучу порошокту бир кашыктан салдыртып үнөмдөйт. Үйдө алты киши жашаганыбызга карабай, күнүнө бир эле нан жасатат.

Жаңы келин мендей болуп кыйналып, кысылат го деп ойлогом. 

Тарс-тарс сүйлөгөн такылдаган келин экен. Кирип эле баарыбыздын бетибизден өөп учурашып, “көшөгө тиги жактабы” деп өзү таап алды. Ашып кетсе көшөгөдө бир саат отурду окшойт,  “скучно” болуп кетти” деп жаныбызга келди. Бизге кошулуп боорсок кесип, идиштерди жууп, чуркап барып конокторго жүгүнгөнгө жетишип жатты.

Кайын энемдин кыялына көнүп калган жаным “идиш жуучу каражатты аздан колдон” десем, “ой жеңе, ошол жетмек беле”,-деп каалашынча куюп жатты. Акырын кайын энемди байкасам, көзүнүн кыры менен карап отуруптур. Бирок, эмнегедир унчуккан жок.

Экөөбүз күн алыс WhatsАpp аркылуу жазышып турабыз.

- Эмне тамак жасап жатасың?

- Эт асканы жатам.

- Эт?

- Ооба, эмне болду?

- Жөн эле.

- Кечинде келип тамак ичип кеткиле.

Кайын энем өмүрү эт астырбайт эле, барып кабар алып келейинчи деп жөнөдүм.

Кайын энем, мен, абысыным болуп чай ичип отурганбыз. Абысыным кыям алып келгени үйгө кирип кеткен. Бир маалда кошуна эженин баласы күрөк сурап келди. Кайын энем “сынып калган” деп койду. Күрөк жакшынакай эле болуп сарайда тирелип турат. Тиги бала дагы митаам экен, үйдөн чыгып келаткан абысынымды көрө калып, “жеңе күрөгүңөрдү алып турсам болобу?” деди. Ал камырабай “кайра алып келип бербесең өлөсүң”, - деп сарай жакты көрсөттү.

Мен барып калсам эле "жеңе эмне салып берейин? Картошкаңыз барбы? Жумуртка ала кетесизби?", -дей берет. Кайын энемди көзүнө да илбейт. Мен анте алчу эмесмин. Өтүмүм жок, кайын энем эмне дейт, деген ой башыман чыкчы эмес. 

Кошуналардын баары абысынымды жакшы көрүшөт. Ооз тий деп уюу тууса сүтүн, алыстан баласы келсе конфетин көтөрүп келишет.

Байкасам, үй баягы мен бардагыдай эмес. Ичине береке кирип, өзгөрүп калгандай көрүндү. Атүгүл өмүрү көрбөгөн кайын энемдин туугандары келе баштаптыр. Кайын энем дагы башкача. Тамак-аш менен иши жок, каткырып алар менен сүйлөшүп отурат. Абысыным такылдап эки жакты тейлеп жүрөт. Сөз жок, абысыным кыйын экен!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Өмүрү айылдан чыкпаган апамды эс алууга алып барсам каза болуп калды

Шаардык келинибиздин кетмен көтөрүп суу буруп жүргөнүн көрүп оозубуз ачылды

Кайын энем “мага кызмат кылганы келдиң беле” деп урушту

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт