// //

Жатынымды алдырып салсам, интимдик байланыш кандай болот? Гинекологдун жообу

2020.03.20, 09:40
4116

Учурда 35 жаштамын, үй-бүлөм, жолдошум бар. Миоманын кесепетинен доктурлар “маткамды” алып салабыз деп жатышат. Интимдик байланыш кандай болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.03.2020, 09:43

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Жатынды алып салуу адатта, интимдик жашоого эч кандай таасирин тийгизбейт. Жолдошуңуз анын жок экенин байкабайт дагы.

Маселе башкада. Жатын бул жумуртка гормондорунун мындайча айтканда бутасы. Аны алып салгандан кийин жумуртка бездер мезгилинен эрте соолуй баштайт. Бул климактерикалык жана менопаузалык өзгөрүүлөргө алып келет. Башка сөз менен айтканда, климакс эрте келүү коркунучу бар.

Ошондуктан сизди дарылап жаткан доктурдан жатынды алып салуудан башка ыкмалар менен дарылоо мүмкүнбү, деп тактап сурап көрүңүз. Балким консервативдик мтомэктомия жасатып же миоманын көлөмүн кичирейтүү үчүн дары дармек ичсе болот?

Албетте, эгер миомалардын саны өтө көп болсо, же анын көлөмү өтө чоң болуп кан кетүүлөр менен коштолсо, анда операциядан башка арга жок. Себеби, миома коңшу турган органдарга да (табарсык, ичегилер) кесепетин тийгизет.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
20.03.2020, 10:14

жообунузга рахмат 

менде киста эрозия да бар дешти 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт