// //

УЗИ канча жумасынан баштап кош бойлуулукту көрсөтөт? Гинекологдун жообу

2020.03.19, 09:41
4170

Мен гинекологдон кеңеш алайын дегем. Акыркы этек кирим 8-февралда келген, азыр боюмда бар экен, 1 жума “задержка” болду. Бүгүн больницага барсам, УЗИден көрүнбөй койду. Менин суроом: уруктангандан кийин канча убакытта кош бойлуу экениң билинет? Рахмат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.03.2020, 09:41

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Этек кири келбей “задержка” боло баштагандан тартып эле УЗИ кош бойлуулукту көрө алат. Эгер буга чейин эте кириңиз туруктуу болуп, бир эле учурда келип жүргөн болсо.

Бирок кээде УЗИ аппараттын өзү начар, же УЗИ жасаган адистин тажрыйбасы аз, же овуяция кеч болгон, же өтө кичинекей мөөнөт (2 жумадан аз) болгондо кош  бойлуулук аныкталбай калат. Ошондой эле чындап бойго бүткөн жок, же жатындан тышкары бойго бүткөн (внематочная беременность) болушу мүмкүн.

Так аныктоо үчүн ХГЧ анализине кан тапшырган туура болот. Кош бойлуулук тастыкталса, кайрадан УЗИден өтүү керек. Тастыкталбаса, менструациянын эмне үчүн келбей жаткан себебин аныктап, дарылануу сунушталат.

Биринчи жана экинчи учурда тең сөзсүз гинекологго кайрылып, консультация алуу зарыл.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт