Аялыма "балдар үчүн жашайлы" десем макул болбой койду
Аялым өз каалоосу менен балдарды алып кетип калган. 6-7 ай болуп калды. Кел жашайлы десем, жашабай турганын айтты. Мен балдар үчүн жашайын дейм. Эгер сотко берсе, соттон мен тарапка жеңилдик болобу?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Аялыңыз сотко ажырашуу же алимент өндүрүү боюнча кайрылат. Ошол учурда сиз ажырашууну каалабай турганыңызды сотко айтсаңыз болот. Бул учурда сот жарашууга үч айга чейинки мөөнөт бериши мүмкүн. Эгер бул аралыкта жарашууга мүмкүн болбосо, анда ажырашуу чечимин кабыл алат.
Алиментке берген болсо, кагазды колуңузга алаарыңыз менен, алимент өндүрүү боюнча соттун буйругуна каршы экениңизди жазсаңыз болот. Сот буйругун жокко чыгарып, тараптарды соттук териштирүүгө чакырып, доо арыз берүүсүн айтат.