Кош бойлуу айымдын сөөктөрү эмне үчүн ооруйт?
Саламатсызбы! Жети айлык боюмда бар. Акыркы күндөрү сөөктөрүм ооруп жатат. Эмне кылсам болот? Бул коркунучтуу эмеспи?
Эльмира Чойбекова
Акушер-гинеколог
Саламатсызбы! Биринчиден ар бир аялдын организми ар кандай болоорун унутпашыбыз керек. Ошондой эле, акыркы үч айда баланын өсүшү тездей турганын эске алалы. Мисалы, бала орточо эсеп менен 3 кг болуп төрөлсө, мындан тышкары суусунун, тонунун салмагы да бар. Натыйжада аялдын бутуна, муундарына, арка белдерине чоң басым келет. Бирок ошого жараша башка оорулар дагы таасир бериши мүмкүн: сөөк ооруулары, грыжалар ж.б. Бул учурда дарыгерге кайрылып текшерүүдөн өтүү керек. Эгер бир көйгөй бар болсо, аны алдын ала дарылап, анан кош бойлуулукту пландаган туура. Анткени кош бойлуулук организмге эң чоң басым болот.
Саламатсыздарбы менин боюмда бар 4айлыктан отупкалды бирок угроза боло берет каттуу болуп белим ооруйт ичим коуп кыйналып жатам таксикозум аяктаган сон билинбей калат дешкен врач дагы дале ичим коуп 8айлык бардай журом эмне кылсам болот сураныч жооп берип койсонуздар