Кайын энемдин атындагы үйдү өзүмө алаламбы?
Саламатсызбы! Менин кызым бар. Күйөөм менен ЗАГСты кыркып ажыраштык. Жашаган үйдөн бөлүнүп чыктым. Бирок ошол үйдү алайын десем, кайын энемдин атында болуп, мага берилбей жатат. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! КРнын Үй-бүлө Кодекси боюнча жубайлардын нике учурунда тапкан ортодогу жалпы мүлкү ажырашканда экөөнө тең бөлүнөт. Эгер үй башынан эле кайын энеңиздин атына катталган болсо, анда ал мүлк жубайлардын жалпы мүлкү болуп эсептелинбейт. Ошондуктан мүлк алып жатканда туугандарыңардын атына каттатпай эле, дароо жубайлардын бири өзүнө жаздырып алганы туура. Анткени ушундай учурларда керек болот. Кайын энеңиздин атына жазылган үйдү силер алып берген учурда дагы аны тастыктоо кыйын, көптөгөн соттук териштирүүгө алып келет. Сиз адвокатка кайрылып кеңеш сурап көрүңүз. Жагдайыңызды толук билбей туруп бир нерсе деп айтуу кыйын.