Кайын журту кууп чыккан келиндин арманы

Карапайым үй-бүлөдө чоңойдум. Атамдын арактан колу бошочу эмес. Түйшүктүн баары апамдын мойнунда. Менин максатым - апама жардам берип, бир туугандарымды бутка тургузуу эле. Эс тарткан кезимен баштап шаардын көрүнгөн жеринде иштеп, тапканымды үйгө жөнөтчүм.

Улук байке менен жумуштан тааныштым. Жылуу учурашып, сый мамиледе гана болчубуз.

Бир күнү жашаган жеримен чыгарып салышты, көчөдө калдым. Ошондо, Улук байке "бош үйүм бар, кааласаң жашап тур", - деди. Бара турган жерим болбогон соң, макул болдум. 

Көп өтпөй бир эже келип "сен кимсиң", - деп сурады. Төкпөй-чачпай баарын айтып бердим, үйүнө конокко чакырды. Барсам, толтура туугандары анан Улук байке бар экен. "Биздин бала отуздан ашып калды, сени эле алып берели", - дешти. Айылга чейин барышып "кызыңар эбак эле биздин уул менен жашап алган, үйлөнтүп коёлу", - деп апамы да көндүрүшүптүр. "Апа мен ал кишини сүйбөйм. Аны менен жашаган эмесмин", - десем, мени уга турган киши жок.

Үйдөгүлөр алардын байлыгына көз арттыбы, билбейм, "бизди уят кылбай ошол жигитке турмушка чык", - деп туруп алышты. Мага ишенбей, башка бирөөнүн сөзүнө ишенгендерине ачууландым.

Үйлөндүк. Балалуу болсок сүйүп кетээрмин деп үмүттөндүм. Бирок, Улук сезимдеримди ойгото албады, жеке пикири жок, чечкинсиз, апасынын тилинен чыкпаган эркек экен.

Туугандары мүнөзүн жакшы билишет. Эки күндүн биринде келип "келиндин орду ашкана, башынан карма" деп үйрөтүп кетишет. 

Жаркылдаган кыз элем. Апамдын "чыда, эл эмне дейт", - дегендерин уга берип өзгөрдүм. Бала менен үйдө отуруп чүнчүп, өзүмдү карабай калдым, депрессияга түштүм.

Балам бирге чыкканда кайын энем баарыбызды Москвага алып кетти. Чогуу батирде жашап калдык. Мен бала менен үйдө, калгандары жумушта. Тамак жасайм, баарынын артынан жыйнайм. Айтоор, үй кызматкери эле болуп калдым.

Жаңы жыл. Дасторкон даярдап жүргөм. Балам ыйлаганынан, жумушумду таштап, эмизип отуруп калдым. Кайын сиңдим келип асыла баштады. Унчукпадым. Ачууланып колумдагы баламды ыргытып жиберди.

Өзүмдү кармай албай калдым, жарылдым. Колума тийген нерсени алып, сабап кирдим. Кечки саат 10до балам менен эшикке чыгарып салышты. Жаңы жылды көчөдөн тостум.

Жанымда бир аз акча бар болчу, эртеси билет алып Кыргызстанга келдим. Баламды апама таштап, жумушка кирдим. Ишим жүрүшө баштады. Бутума турдум. 

Бир жылдан кийин Улук келди. "Улам күйөөгө тийип жүрмөк белем", деп жарашууга макул болдум. Бирок, сүйө албадым.

Улуктун туугандары колунда бар, жакшы турушат. Өзүчү, бир да жумушта туруктуу иштей албайт, карызга батып жүрөт. Күндө урушабыз.

Чыдап жашай берсемби же ажырашсамбы?

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт