Чет өлкөдөмүн, боюма бүтүп калыптыр, кандай дары алып боюман түшүрсөм болот?
Саламатсызбы. Кеңеш берип коюңузчу, өтүнөм? Жигитим менен 5-февраль күнү кошулганбыз, бирок ичине таштаган эмес. 7си байкемдер менен чет өлкөгө чыгып кеткем. 12синде айызым келмек. 17 күн “задержка” болгонунан тест алып текшерсем, кош бойлуу деп чыгып жатат.
Бул жакта байкемдер мени “пропискага” тургузушуп, бүт документтеримди бүтүрүп беришти. Күйөөгө тийип кеткенге шарт жок. Эмне кыларымды билбей турам. Кандай дары алып, боюман түшүрсөм болот?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Сиз этек кириңиз башталганына 7 күн калганда кошулдук деп жатасыз. Теориялык жактан алып караганда бул мезгилде бойго бүтүүсү мүмкүн эмес эле. Менимче сиздин боюңузга андан мурун эле бүткөн.
Тилекке каршы, кош бойлуулукту токтотуучу препараттар эркин сатыкта болуусуна тыю салынат. Ошондуктан жашаган жериңизге караштуу доктурларды таап, ошолорго эле кайрылганыңыз оң.