Жыныстык жагыман жагымсыз жыт чыгат. Кандай крем колдонушум керек?
Мен 17 жаштамын, студентмин. Акыркы 3-4 жылдан бери жыныстык жагым жыттанат. Ошону эмне кылыш керек? Бүгүн жуунсам, бүгүн жыттана берет. Ошондон аябай ыңгайсыз болом. Больницага барып көрүнгөндөн уялам.
Кандайдыр бир мазь же крем барбы ошол жытты жок кыла турган?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Эгер сиз жыныстык жашоо менен жашасаңыз, анда пайда болгон жагымсыз жыт жыныстык катнаш аркылуу жугуучу инфекциялардан улам болушу мүмкүн.
Бирок көпчүлук учурда өспүрүм кывздарда жана жыныстык жашоо менен жашаган аялдардын жагымсыз жыты иммунитеттин кескин түшүп кетүүсүнө, антибактериалдык терапия алганына, суук тийгенине ж.б. факторлорго байланыштуу болот.
Кандай болгон күндө да, гинекологго баргандан уялганыңызга карабастан, көрүнүү керек. Сиз анализ тапшыргандан кийин ал тиешелүү дарыланууну жазып берет.
Ал эми өз алдынча түрдүү крем жана маздар менен дарылануу жардам бермек түгүл абалды ого бетер курчутуп салышы мүмкүн.
Ден соолугуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.