// //

Коомду жакшырта турган идеяң бар болсо, #ideachallenge2020 сынагына катыш

2020.03.02, 15:05
1145

Бардык адамдын ар бир күндү жакшыртуу, маанилүү маселелерди чечүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн идеялары бар. Ал идеялардын жарыкка чыгып, пикирлештерди таап, ишке ашуусу үчүн убакыт келди.
ОШОНДУКТАН БИЗ САГА ЧАКЫРЫК ТАШТАЙБЫЗ!
Коомго өзгөрүүлөрдү алып келе турган идеяң менен бөлүш. Ал идея ар кандай: кичинекей, чоң, жөнөкөй, татаал же укмуштуу болушу мүмкүн.
БИЗДИН ЧАКЫРЫКТЫ КАБЫЛ АЛ! 
 
1. Бир мүнөттүк видео тарт (вайн, скетч, вирустук ролик же кичи- тасма) жана коомго пайдалуу өзүңдүн идеяңды айтып бер.
 
2.Видеону #ideachallenge2020 хэштеги колдонуп, идеянын аталышын жазып YouTube же Instagramга жүктө.
 
3.Видеонун шилтемеси менен социалдык тармактарда бөлүш жана досторунду белгилеп, аларга чакырыкты өткөрүп бер.
 
4. Биздин баалуу белектердин бирин утуп ал жана IdeaFEST иш чарасына катышууга даяр бол.
 
#ideachallenge2020 сынагындагы эң мыкты идеялардын авторлору 2020- жылдын апрель- май айларында өткөрүлө турган эки күндүк IdeaFEST фестивалына катышышат. Ал жактан сен идеяңды долбоорго айлантып, аны ишке ашыруу үчүн 10 000 ден 12 000 еврого чейин утуп алууга мүмкүнчүлүк аласың.
КИМДЕР КАТЫША АЛЫШАТ?
 
Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда жашаган 18 ден 30 жашка чейинки жаштар.
ИДЕЯГА КАРАТА КАНДАЙ ТАЛАПТАР БАР?
 
Коомго позитивдүү өзгөрүүлөрдү алып келе алган ар түрлүү идеялар. Сен бир канча идея сунуштасаң болот, бирок ар бирөөнө өзүнчө видео тартууң керек.
ИДЕЯНЫ КАРЖЫЛООНУН КӨЛӨМҮ КАНДАЙ?
 
Бир идеяга 10 000 ден 12 000 миң еврого чейин.
КАРЖЫЛООНУ КАНТИП КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?
 
#ideachallenge2020 сынагынын катышуучусу болушуң керек. Эң мыкты идеялар, долбоор түрүндө IdeaFEST иш чарасында сунушталат. Долбоордун расмий презентациясынан кийин сага долбоорду жакшыртуу үчүн 10 күн убакыт берилет. Сынактын финалында калыстар тобу финансылык колдоо үчүн 8 жеңүүчүнү тандап алышат.
ВИДЕОГО КАРАТА КАНДАЙ ТАЛАПТАР БАР?
 
Өз идеяңды жөн гана энтузиазм менен бир мүнөттүк видео роликте айтып бер. Жана #ideaсhallenge2020 хэштеги тууралуу унутпа.
ВИДЕОНУ ЖҮКТӨӨНҮН АКЫРКЫ КҮНҮ КАЧАН?
 
#ideaсhallenge2020 ар бир өлкөдө башталган күндөн тартып бир ай өткөрүлөт. Кабыл алуу бүткөндөн кийин (кабыл алууну акыркы күндөрү жөнүндө маалымат төмөндө) жүктөлгөн видеолор сынакта каралбайт.
Кабыл алуунун акыркы күндөрү:
 
Кыргызстан - 19 -март
Казакстан – 25- март
Өзбекстан- 28- март
Тажикстан - 22 -март
БАЙЛАНЫШУУ ҮЧҮН?
 
idea.challenge.pve@gmail.com ге же +996 555361386 номуру аркылуу whatsapp жана telegramга жазыңыз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт