Боюмда болуп калганда таштап кеткен жигитимден алимент өндүрсөм болобу?
Жигитим менен сүйлөшүп жүрүп, боюмда болуп калганда таштап кетти. Балама 8 ай болуп калды. Акча жагынан кыйналгандан улам апама таштап Москвага иштегени келгем. Сурайын дегеним, нике күбөлүгү жок алиментке тапшырса болобу? Учурда Москвадамын, менин ордума сиңдим барса болобу? Арызды кантип жазам?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сиңдиңиздин атынан сотторго катышуу үчүн ишеним кат жиберүүңүз керек болот. Ал эми синдиңиз ишеним каттын негизинде ЖААК бөлүмүнө баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө баланын атасын көрсөтүү менен жаңы күбөлүк берүү жөнүндө арыз менен кайрылат. Бирок, ЖААК бөлүмү баш тартуу жөнүндө жооп берет, бул жооптун негизинде синдиңиз сиздин атыңыздагы өкүл катары аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү жөнүндө сотко доо арыз берет. Соттук териштирүүнүн негизинде кийин алимент өндүрүү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин алимент өндүрүлөт. Төмөндө, мисал катары келтирилген арыздын үлгүсүн окуй аласыз.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна сотуна
Доогер: Сатылганова Гулкыз Шекеровна.
дарегим: Бишкек шаары, Биринчи май району, Бейшеналиева көч., 00-үйү, тел.: 0000000000.
Жоопкер: Капчыгаев Заман Нурович
дареги: Нарын областы, Нарын шаары, Ленин көч., 00-үйү, тел.: 00000000
Кызыккан тарап: Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ЖААК бөлүмү, дареги: Тоголок Молдо көчөсү 21.
Доо арыз
(аталыкты аныктоо жана алимент өндүрүү жөнүндө)
Мен, Сатылганова Гулкыз Шекеровна, Капчыгаев Заман Нурович менен 2018-жылдан бери жакшы мамиледе болуп, үй-бүлө курууну пландап чогуу жашап келгенбиз.
Ортодогу турмуштан бир перзенттүү болгонбуз: Сатылганова Айкыз 2019-жылдын 30-майында төрөлгөн.
Бирок 2019-жылдын бери мамилебиз келишпей, үй-бүлө катары чогуу жашабай калганбыз. Ортодо пикир келишпестиктер болуп, мураса кылалбай калдык. Ушул себептердин негизинде, экөөбүз бирге жашабайбыз.
Азыркы үчүрда кызым менен ата-энемдин үйүндө чогуу жашаймын, Заман жактан ата катары эч кандай жардам жок.
Азыркы күндө кызымдын туулагандыгы тууралу күбөлүгүндө Заман атасы деп көрсөтүлгөн эмес. Анткени кызым боюумда бар кезде ажырашып кеткендиктен ал перзентибизге Заман ЖААК органдарына барып атасымын деп айтууга барган эмес. Бирок бүгүнкү күндө сотко кайрылып аталыгын аныктоо жөнүндө доо арыз менен кайрылууну туура көрдүм. Анткени жолдошум Заман өз ыктыяры менен ЖААК бөлүмүнө барган жок.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 52-бер., “Никеге турбаган ата-эненин ортосунда бала төрөлгөндө жана ата-эненин биргелешкен арызы же баланын атасынын арызы жок болгон учурда (ушул Кодекстин 51-статьясынын 4-пункту) баланын белгилүү бир адамдан (атадан) төрөлгөндүгү ата-эненин биринин, камкорчунун (көзөмөлчүнүн) арызы боюнча же ошол бала багуусунда турган адамдын арызы боюнча, ошондой эле бала өзү бойго жеткенде жазган арызы боюнча сот тартибинде аныкталат” деп көрсөтүлгөн.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин. 1-бөлүмү 88-беренесинде «Ата-эненин жашы жетпеген балдарына алимент төлөө жөнүндө макулдашуусу болбосо жана эгерде алимент төлөөгө милдеттүү болгон ата-энеси туруктуу эмес, өзгөрүлмө эмгек акы алыптурса же дагы башка кирешеси болсо….. сот ай сайын өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмүн туруктуу акчалай суммада же ошол эле учурда улуш түрүндө (86-беренисине ылайык) жана туруктуу акчалай сумма да өндүрүп берүүгө укуктуу» деп көрсөтүлгөн.
Жогоркулардын негизинде, Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 52, 85-88, 112 – ст. ст. жана Кыргыз Республикасынын жарандык-процессуалдык кодексинин 134-135, 246, 250 – ст. ст. жетекчиликке алып
СУРАНАМ:
- Капчыгаев Заман Нуровичти- 2019-жылдын 30-майында төрөлгөн Сатылганова Айкыздын атасы деп аныктоону жана туулгандыгы тууралу күбөлүгүнө Сатылганова Айкыз Замановна деп өзгөртүүнү көрсөтүүнү;
- Капчыгаев Заман Нуровичтен – менин пайдама кызым үчүн алар 18 жашка толушкунга чейин, ар ай сайын иштеп тапканынын же дагы башка кирешесинин төрттөн бир өлчөмүндөгү алиментти өндүрүүнү.
Тиркеме:
- Жашаган жерден тактама;
- 2. Паспортумдун паспорттумдун көчүрмөсү;
- Кызымдын туулгандыгы тууралу күбөлүгүн көчүрмөсү;
- Мамлекеттик алым төлөнгөндүгү боюнча дүмүрчөк;
- Арызды жоопкерге берилүүчү көчүрмөсү.
Доогер: Сатылганова Г.Ш.
02.03.2020-ж.