// //

Кайын энем менен кайын сиңдиме таштап кеткен үйүм таанылгыс болуп калыптыр

2020.02.28, 16:30
42854

Бул мен жаңы келин болуп келгендеги окуя. Ошондон кийин гана кандай кайын энеге туш болгонумду түшүнгөм.  

Жаз. Ноорузга белгилеп тун уулубуздун тушоосун кесүүнү чечтик. Өзүбүз шаарда турабыз. Айылдан мал алдырттык. Базарга түшүп, конфет, печенье, чуркагандарга деп "приздерди" сатып келдик. Күйөөм экөөбүздүн тең туугандарыбыз айылда. Кол кабыш кылганга киши жок. Той болоор күнү түнү менен боорсок жасадым. Таң эрте туруп алып ичеги-карын арттым. Эки-үч саат уктаганыма байланыштуу, зомбидей эле басып жүрдүм.

Той башталды. Төрт маршрутка болуп айылдан тууган-уруктар келди. Кошуналарды, күйөөмдүн кесиптештерин, атүгүл, коңшу көчөдөгү дүкөнчү Дамира эжени да унуткан жокпуз. Үй толо конок. Бут коерго жер жок. Дасторкон сыртка чейин салынды. Идиштер толтура. Кичинекей балдар жеген конфеттин тышынан жер көрүнбөйт. О кудай-ай, булардын баарын жалгыз качан жыйнап бүтөөр экенмин!

Баш байгеге коюлган козуну кошунабыз Саке байке илип кетти. Аялдарды чуркатсак, эки келин “мен биринчи келдим” деп талаша кетсе болобу. Байбичелер ортолоруна түшүп араң токтотту. Экөөнө тең термос бердик. Айтор, унутулгус сонун той болду.

Кеч кирип баштаганда кешиктерин салып берип конокторду узаттык. Кайын энем менен кайын сиңдим машинага батпай калып, эртеси кетишмекчи болушту. Идиш жуучу каражаттарым жетпей калат деп, баламды коляскага салып алып дүкөнгө жөнөдүм. Анын үстүнө бир аз сейилдеп келбесем уйкудан калган көздөрүмө эрким жетпей калчудай.

Дүкөн үйдөн алыс. Барып келгенге бир сааттай кетет. Менин азыркы темпим менен бир жарым саат. “Үйдү жыйнап алсам эле болду, дароо уктайм” деп кыялданып келаткам. Балам көздү кычыштырып эбак таттуу уйкуга кеткен.

Адашып калган жокмунбу? Бул чын эле биздин үйбү? Таптаза, конок келгени билинбейт. Жадакалса эшикке суу чачылып, шыпырылып калыптыр. Тамдын бурчунда үч баштык таштанды турат. Аң-таң болуп эле үйгө кирип бардым. Кайын энем менен кайын сиңдим жуулган идиштерди сүртүп отурушуптур.

- Келдиңби, бар жатып укта, бутуңда араң эле турасың.

- Апа, бекер убара болупсуз.

- Ошонун убарасы барбы балам, кичинекейиң менен кантип жетишмек элең.

Уйкум ачылып кетти. Чай коюп өткөн-кеткенди сүйлөшүп бир топко отурдук. Анан баарыбыз барып жаттык.

Кайын энеме абдан ыраазы болдум. Анын мындай алтын киши экенин билген эмесмин. Андан бери алты жыл өттү. Эч өзгөргөн жок. Ар дайым аяп турат. Иш жасап жатсаң, “кел мен эле кылайын” деп жаныңа келет. Кээде айтпай эле өзү жасап коет. Апама болгон сыйым күн сайып артып барат. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт