Жер тилкесин сатып алганда жасалма эмес экенин кантип билсе болот?
Саламатсызбы. Мүлк сатып алганда эмнелерге көңүл буруу керек? Кызыл китеби менен жер сатып алганда жасалма эмес экенин кантип билсе болот? “Генеральный доверенность” менен жер тилкесин алганда кандай тобокелдиктер бар?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Кызыл китеп Мамлекеттик каттоо органы тарабынан гана берилгендиктен, ошол жактын реестринен текшерүү зарыл. Мүлк катталган болсо жасалма болбойт.
Тилекке каршы, Мамлекеттик каттоо органында иштеген айрым кызматкерлер жолун таап, жасалма кылып койгон учурлар да болгон. Ошондуктан, кандайдыр бир кепилдик берүү кыйын болуп турат. Мүлк аларда көптөгөн факторлорду эске алуу керек.
Ал эми ишеним каттын негизинде сатып алып жатсаңар, ошол замат МККга барып каттатып алуу керек. Антпесеңер жазылган ишеним катты артка кайтарып кою минуталык иш.