Күйөөм менен кошулганда оорутат. Эмне кылсам болот? Сексолог айтып берет
Күйөөм менен кошулганда, асты жагым оорутат. Эмне үчүн андай болуп жатат? Эмне кылышым керек?
Сексолог Наталья Ивахник бул суроолорго жооп берди.
Секс учурунда аял кишинин жыныс кынынын оорутканын медицина тилинде – диспареуния деп коюшат.
Диспареуния – бул жыныстык катнаш учурунда жана андан кийин аялда пайда болгон ооруксунуу. Статистикага ылайык дүйнө жүзүндө 8-21%га чейин аялдар жыныстык катнаш учурунда ооруксунууну сезишет.
Жагымсыз жана дискомфортту сексуалдык контакт күнүмдүк жашоонун социалдык, психологиялык жана медициналык аспектилерине терс таасирин тийгизет.
Тетирисинче да болушу мүмкүн, үй-бүлөдөгү уруш-талаш, мамиледеги кризис, таарынычтар, түшүнбөстүктөр секстин сапатын кыйла төмөндөтөт.
Диспареуния сөзүн грек тилинен которгондо “бири-бирине дал келишпеген өнөктөштөр” дегенди билдирет.
Анын себептери түрдүү. Медициналык себептери төмөнкүлөр:
- гинекологиялык оорулар;
- анатомиялык паталогиялар;
- эркектин жыныс мүчөсүнүн аялдын кынына дал келбестиги.
Психологиялык себептери:
- жыныстык катнаштан коркуу;
- биринчи кошулуусу эсинде ооруксунуу жана жагымсыз нерсе катары калып калган;
- бала кезинде физикалык, психикалык же сексуалдык зордуктоого туш болгон;
- өзүнө-өзү жакпайт, денесин, мүчөсүн кабыл албайт.
- өнөктөштөрдүн мамилесинде кандайдыр бир көйгөйлөр, түшүнбөстүктөр бар.
Эмне жардам бериши мүмкүн?
- Кошулганга чейин бири-бириңерди эркелетип, кучактап, өпкүлөгөнгө көбүрөөк көңүл бургула. Башкача айтканда секс алдындагы прелюдия сөзсүз болушу керек.
- Денеңерди бош коюп, текши дем алгыла.
- Эгер аялдын жыныс кыны жетишээрлик деңгээлде суюктук бөлүп чыгарбаса, атайын гель, кремдерди колдонуп көргүлө.
- Эксперимент жасап, бир нече позаны колдонуп көргүлө, эң ыңгайлуусун тандап алгыла.
- Аялдар да, эркектер да Кегель көнүгүүлөрүн жасап көргүлө. Бул гимнастика булчуңдарды машыктырып, өз эрки менен чымыркантып кайра бош койгонго үйрөтөт.
Сексолог Наталья Ивахник менен инстаграмдагы @pro0kosmos баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Кегель көнүгүүлөрү:
Жыныс кынын кууш кылып, оргазм алууга жардам берген 5 Кегель көнугүүсү
Кегель көнүгүүлөру 40% эркектердин эрекциясын нормага келтирет. 6 көнүгүү