// //

Биз сатып алган жерди дагы бирөөгө сатыптыр. Эмне кылышыбыз керек?

2020.02.20, 14:06
897

Жайында айылдаш бир келинден жер тилкесин сатып алганбыз. Жарым акчасын берип, жарым акчасын кызыл китепти жасатып бүткөндөн кийин беребиз деп убадалашып алдык.

Бирок, ал кызыл китеби даяр болгондо, жерди башка бирөөгө, кымбатыраак сатып жибериптир. Биз берген акчаны кайтарып бер десек, акчам жок, же андан башка шылтоолорду айтып, бербей жүрөт.

Акчаны алгандыгы тууралуу нотаруис аркылуу бекитилген тил каты бар.

Биз ошондо эмне кылышыбыз керек? Милицияга арыз жазабызбы же сотко беребизби? Мурда-кийин мындай ишке туш болбогон соң билбей жатабыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.02.2020, 14:06

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Менин оюмча, силер кылмыш тартибинде милицияга арыз менен кайрылганыңар оң болот. Жарандык тартипте сотко кайрылсаңыз деле болот, бирок мамлекеттик алым төлөшүңүз керек болуп калат.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт