Төрөттөн кийин симфизит болуп калдым, бандаж кийишим керекпи?
2020.02.20, 13:27
1740
Саламатсызбы. Төрөттөн кийин симфизит болуп калдым. Айрымдар бандаж кий десе, башкалары кийбе жардам бербейт, андан көрө шейшеп менен катуу таңып ал, деп жатышат. Кайсы бири көбүрөөк жардам берет?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.02.2020, 13:27
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык.
Симфизит – бул кош бойлуулук учурунда жамбаш сөөктүн ажырашы. Дарылоону комплекстүү жүргүзүу зарыл. Тагыраак айтканда медикаментоздук препараттар, физиодарылануу (физиолечение), дарылоочу дене тарбия (лечебная физкультура) жана албетте бандаж тагынуу кирет. Анткени кынаптап фиксация (бекитүү) кылуу керек.
Симфизитти убагында дарылабаса, же жакшы дарыланбай калса төмөнкү көрүнүштөргө алып келет:
- процесстин өнөкөт оорусуна айлануусу
- ар дайым ооруксунуу
- кээде жамбаш сөөгүнүн ажырашы, мындайда операция кылыш керек.
Ден соолугуңузга сак болуңуз!
0
Пайдалуу жооп