Жигитим мага аз убакыт бөлөт. Сүйлөшпөй койсомбу? Психолог жооп берет
Саламатсызбы. Жигитим облустук сотто иштейт. Сүйлөшкөнүбүзгө 1,5 жыл болуп калды. Жумушка кире элегинде, мага тынбай телефон чалып, күндө жолугушуп турчубуз. Азыр болсо убактысы жок. Жадакалса, түндө да жумушта болот. Процесске кирип эми чыктым, деп билдирүү жазып коет.
Мен түшүнгөнгө аракет кылам. Бирок кээде ойлонуп кетем, адамдын каалоосу болсо, бир-эки мүнөт болсо да убакыт таап, телефон чалып турат эле го. Ошону ойлоп жиним келип, туталанып кетем. “Сабыр кыл, мага ишен, бардыгы жакшы болот”, деп сооротуп коет.
Тынбай уруша берип көңүлүн да калтырып койдумбу? Кыскасы эмне кыларымды билбей турам. Сүйлөшпөй коеюн десем, анын ордунда эч кимди элестете албайм. Эмне кылсам?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык!
Жигитиңизге ишенесизби же ишенбейсизби өзүңүз гана чечесиз.
Болгону бир нерсе ачык-айкын болуп турат – жигитиңиз сиз койгон талаптарга ылайык келбей калды. Ал сиз үчүн ыңгайсыз, керектөөлөрүңүзгө төп келишпей турган адамга айланды. Жетишээрлик деңгээлде сүйүү бере албай, убакыт, көңүл бөлбөй жатат.
Жигитиңиз учурда колунан канча келсе, ошончо берүүдө. Анын ага толук акысы бар. Сиз каалагандай көңул бөлбөй жатканы сиздин гана көйгөй. Бул маселени өзүңүз чечесиз.
Эки жолуңуз бар: ыңгайсыз адам менен бирге болуу же болбосо сиздин талаптарыңызга жооп бербеген мамилени токтотуу.
Ар дайым чечимди өзүңүз кабыл алыңыз. Ошондо жоопкерчилик сиздин мойнуңузда болот. Жыйынтыгы үчүн эч кимди күнөөлөбөйсүз.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.