// //

Жыныстык жагым карарып кетти, кантип кетирсе болот? Гинекологдун жообу

2020.02.19, 10:12
4752

Саламатсызбы. Менин суроомду да чыгарып бересизби? 23 жаштамын, боюмда бар, 9 ай болуп калды. Байкашымча акыркы эки-үч айдан бери “женский” жагым карарып кетти. Эмне үчүн мындай болуп калды? Кантип кетирсе болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.02.2020, 10:13

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Бул нерсеге такыр кабатыр болбой эле коюңуз. Аял кош бойлуу болуп турган кезинде, организминде пигментациянын күчөшү байкалат. Бетине сепкил түшөт, курсагынын так ортосунан кара сызык пайда болот, эмчегинин үрпү карарат, колтуктары жана жыныс кыны тарабындагы териси адаттагыдан карараак болот. Бирок, бул убактылуу гана көрүнүш. Көз жарып алгандан кийин, тамактанууңуз жакшы, организмде бардык витамин жана элементтер жетиштүү болсо, өзүнөн өзү эле жок болуп кетет.

Мындай көрүнүш гормондордун ашыкча бөлүнүшүнө байланыштуу. Маселен прогестерондун таасири алдында меланин жана башка гормондор өтө көп иштелип чыгат.

Меланин – бул кара жана күрөң түстөгү пигмент. Ал адамдын терисинде, чачында жана көзүнүн карегинде камтылат. Демек адамдын терисинин, чачынын жана көзүнүн өңүн калыптандырат. Организмде меланин пигменти азая баштаганда чач агарат. Мисалы альбиностордо бул пигмент тубаса жок болот.

0
Пайдалуу жооп
?
??? SyDyKoVa???
04.03.2020, 12:08

Кошулууда эркек спермасын тушурбосо бойго бутуу коркунучу жокпу, эгер сырттан эле киргизбей жасаса

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт