// //

Атам каза болгондо апамды кууп чыккан кайын-журту менен кантип соттошсок болот?

2020.02.17, 11:59
1028

Саламатсызбы! Атам каза болгондон кийин апамдын кайын-журту малдарын, жерин бербей төрт кызы менен көчөгө чыгарып коюшкан. Апам жалдаган адвокат атамдын байкесинин досу экен, соттон жардам бербей койгон. Атымдын мүлкүн алуу үчүн кайсы жакка кайрылсак болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.02.2020, 12:01

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Сизге толук жооп берүү үчүн тактай турган жагдайлар көп экен. Ошондуктан так жооп берүү кыйын болууда. Негизи мыйзам боюнча перзент атасынын биринчи кезектеги мураскору болуп эсептелинет. Сиз юридикалык жардам алуу үчүн Юстиция министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылсаңыз болот. Бул шилтемеден даректерин таба аласыз: http://ukuk-jardam.gov.kg/ru/coordinator/list

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт