// //

Үйлөнгүчө жыныстык катнашка барбай койсом ден соолугума зыян эмеспи?

2020.02.14, 16:03
2315

Ассалом алейкум! Мен 21 жаштамын. Үйлөнө элекмин, ал тургай ушул жашка чейин бир да жолу жыныстык катнашка барган эмесмин. Мен башкаларга окшоп, кыздар менен ойноп, тагдырын талкалагым келбейт. Нике түндө гана кошулам, деген принцибим бар.

Бул нерсе ден соолугума зыян эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.02.2020, 16:04

Азат Бейшенов

“Кортекс” клиникасынын адиси, уролог

Саламатсызбы. Жыныстык катнашка баруу адамдардын табигый керектөөсү. Болгону жыныстык мамиле куруудан мурун көптөгөн факторлорду эске алуу керек. Мисалы интимдик мамиле эки тараптын тең каалоосу менен болууга тийиш. Андан тышкары жыныстык ооруларды жуктуруп алуудан этият болуу, планга кирбеген кош бойлуулуктан сактануу.

Ал эми өзүңүздүн жашоодо карманган принцип ушундай болсо, демек үйлөнгүчө күтүңүз. Сизге эч ким мындай кыл, же башкача кыл деп айта албайт. Бул сиздин жеке чечимиңиз.

Ден соолугуңузга тийгизе турган таасирин айта турган болсом, простатит оорусуна чалдыгып калышыңыз мүмкүн.

 

Бул жактан окусаңыз болот:

Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт