// //

Ар бир ата-эне билүүгө милдеттүү: кичинекей баланын калыптануусунун 3 этабы

2018.11.08, 11:33
3322

Саламатсызбы, урматтуу ата-эне! Бүгүн мен силерге балдардын калыптанып өсүүсүндөгү 3 этап тууралуу айтып берем.

1 этап. Төрөлгөн күнүнөн тартып 6 айга чейин. Бул мезгил аралыкта адам баласынын мээси укмуштуудай ылдамдык менен өсөт. Ымыркай уктай эле бергендей сезилет. Бирок, бул учурда анын мээсинде көптөгөн процесстер жүргөн болот. Бала угат жана көрөт. Ошондуктан, аны курчап турган адамдарды, буюмдарды кунт коюп карап, ар кандай дабыштарды тыңшап айлана чөйрөгө мүмкүн болушунча байкоо жүргүзөт.

Кеңеш: Баланы бөлмөгө жалгыз калтырып койбогула. Жаныңарга алып, аны менен сүйлөшүп, эркелетип, үй-бүлө мүчөлөрү менен тааныштыргыла. Бала сиздин күнүмдүк жашооңузга көбүрөөк катышсын.

2 этап. 6 айынан тартып 3 жашка чейин. Бул мезгил аралыкта баланын мээсинин өнүгүүсү дале чоң тездик менен жүргөн болот. Наристе жөргөлөйт, басат. Мурда байкап, бирок, жетпей турган буюмдарын алганга аракет кылат. Колу жеткен жактын бардыгын изилдеп чыгып, жакындан көргөнгө, кармаганга тырышат.

Кеңеш: Баланын изилдөөгө болгон кызыгуусуна жолтоо болбогула. Жок, болбойт! – деген сөздөрдү азыраак колдонгонго аракет кылгыла. Болгону, бала өзүнө зыян келтирип алуучу, же сиз үчүн кымбат болгон, же сынып калчу буюмдардын бардыгын бала жетпегидей, өйдө алып койгула.

3 этап. 3 жаштан 6-7 жашка чейин. Бул учурда мээсинин өнүгүүсү мурункуга салыштырмалуу басаңдайт, бирок, чоң кишилердикине салыштырмалуу өтө тез жүрөт. Баланын тили чыгат, кабыл алуусу укмуштуудай бат. Ал өз пикирин айтууга үйрөнөт. Коомго аралашып, башка адамдар менен мамиле куруу тажрыйбасын топтойт.

Кеңеш: Коомго көбүрөөк аралаштырып, өзү менен тең, өзүнөн кичүү жана улуу адамдар менен баарлашуусуна шарт түзгүлө. Баланын чакан конфликтерине кийлигишпегиле. Ал чыр-чатак жана башка кырдаалдардан чыгуунун жолун үйрөнүп, өзү тажрыйба топтошу керек.  

Бул өнүгүү этаптары ар бир баланын башынан өтөт. Ата-эненин милдети, бала ушул этаптардагы өзүнүн потенциалын мүмкүн болушунча ишке ашырып тажрыйба топтоп алуусуна шарт түзүү.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт