// //

Экинчи күйөөмө жолуктурган, биринчи күйөөмө рахмат

2020.02.13, 17:18
28043

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында апасынын сөзүнөн чыкпаган күйөөсү тууралуу баяндалат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

"Кудайдын куттуу күнү ата-энеме асылышат"

Орозо айт. 10 жылдан бери көрө элек жеңем келди. Чай үстүндө отуруп, кыз издеп жүргөн иниси тууралуу кеп козгоду. Анчейин деле маани берген эмесмин. Көп өтпөй мага куда түшүп келишти. Дасторкон жайып жакшылап коноктоп узаттык. Жеңемдин айтымында баары сонун болуптур, бир гана атам жакпаптыр. Күйөөм, “ошол кызды алам”,- деп болбой мага үйлөндү. Ошентип чоочун үйгө келин болуп кирип бардым.

Босогону аттарым менен кайын энем “атаң жаккан жок” деди. Атамды бери кой, бассам-турсам көздөрү менде, кылган ишимден кынтык таап, ачуу сөздөрдү айтышат.

Ата-энеме берген бир да убадасын аткарышкан жок: той жок, калың жок, контрагым төлөнө элек. Үйүмдөн алып кеткенге чейин ата-энеме “өз кызыбыздай көрөбүз” дешкен. Ошондо, “кулубуз” дегендин ордуна, “кызыбыз” деп айтып алышкан окшойт.

Кудайдын куттуу күнү ата-энеме асылышат.

Жарылдым. Сөз кайтара баштадым. Кеттим. Эс алып калдым. Күйөөм кетишимди гана күтүп турган окшойт, дүркүрөгөн той берип дароо башка бирөөгө үйлөндү. Бактылуу болгула!

Тырышып жүрүп окуумду аяктадым. “Ушинтип жалгыз жүрө бересиңби?”,-деп курбум ой-боюма койбой бир жигит менен тааныштырды. Эркектен көңүлүм калган жаным, ага анчейин деле көңүл бурбадым. Бирок, ал жигит өтө жакшы адам экен. Көзүмдүн кареги менен тең айланып, мени сүйөөрүн далилдеди. Турмуш курдук. Балалуу болдук. Тынбай эмгектенип, өз күчүбүз менен бутубузга турдук. Азыр бир эмес, эки үйүбүз бар.

Бара-бара бул күйөөмдүн да сүйүүсү өчөт деп коркчумун. Жаңылыпмын. Күн сайын мени мурункудан дагы катуу сүйөөрүн айтат. Алтыным десе, ар дайым мага кам көрөт. Мына, жакында эле “дагы бир ЖОЖго окуйсуң”, - деп таң калтырды.

Бактылуумун, бирок мактанайын деген оюм жок. Жөн гана силерге бир нерсени айткым келди. Энесинин сөзүнөн чыга албаган эркек оңолбойт экен. Мындай эркектерден дароо качкыла! 30дан ашып калса да апасынын сөзүн чыкпаган күйөөмдөн убагында кетип калганыма сүйүнөм. Аялдар коркпогула! Буйруса бактыңар алдыда күтүп турат. Мен сыяктуу ар бириңер бактылуу болууга татыктуусуңар!

Баркымды билбеген, коргой албаган, апасына салып берген биринчи күйөөмө рахмат айткым келет. Сенден кетпесем бул бактылуу күндөрдү көрбөйт элем.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт