// //

Үйдөн качып кеттим

2018.11.05, 15:56
1395

16 жаштамын. Үйдөгүлөр менен келише албайм, аларды көргүм келбейт. Апам менен көп урушам. Окуумду Исфана шаарына которуп алдым. Каникулда үйгө келсем, кайра эле ошол көрүнүш кайталанат. Эмне кылсам болот?

Арстан, 16 жаш

Рустам Исмаилов, психолог

Урматттуу окурман, сен жалгыз эмессиң. Ата-энеси менен тил табыша албаган өспүрүмдөр көп. Мунун бир канча себеби болушу мүмкүн. Алардын айрымдары чечилсе, кээ бири чечилбейт. Бирок бул маанилүү эмес, баары бир талаш-тартыштан, түшүнбөстүктөн кутула албайсың.

Жакындар менен болгон мамиле өзгөрүп турат. Өмүр бою ызы-чуу бойдон калбайт. Убакыттын өтүшү менен ордуна келет.

Эң негизгиси сүйлөшүү керек. Канчалык көп баарлашсаң, ошончолук түшүнүүгө, ишенүүгө, жактырууга жана сүйүүгө мүмкүнчүлүк көбөйөт. Бөлүнүү менен ортодогу мамилени жакшырта албайсың, түшүнбөстүктү өрчүтөсүң. Планыңда үй-бүлөңдөн баш тартуу жок болсо, оор болгонуна карабастан алардын жанында бол. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт