Каттоом Нарында, өзүм Бишкекте жашайм. Шаардан урологго көрүнсөм болобу?
Саламатсызбы! Мен жакында үйлөнүү планын коюп жатам. Бойдокчулукта жыныстык катнашка сактанбай барчумун. Азыр инфекция жуктуруп алган жок бекенмин деп өзүмөн күмөн санай берем. Каттоом Нарында, Бишкекте жашайм. Бишкектен кайсы бейтапканга барып көрнүсөм болот жана мени эч тоскоолдуксуз кабыл алышабы? Акысы канча болот?
Болот Рысбаев
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог
Саламатсызбы! Катооңуз Нарында болсо, бирок шаарда турсаңыз бул жактан дарыгерлерге көрүнө аласыз. Мисалы, Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Урология борборунун жаңы имаратына келсеңиз болот. Бейтаптын каттоосу шаарда эмес болсо дагы кабыл алабыз. Жыныс инфекциялары барбы же жокпу анализ тапшырасыз. Алгач урологго көрүнүп, толук текшерүүдөн өтөсүз. Ал кандай анализ тапшыруу керек экенин жазып берет. Акысы ошондо билинет. Жыйынтыгына жараша дарыланасыз.