// //

Атам "тур, үйүңө жөнө" десе, апам “келиниме сүйлөбө" дейт

2020.01.31, 16:38
31563

Үйгө төркүлөп барсам үч-төрт күндөн кийин атам “тур, үйүңө жөнө, кайын журтуң күтүп калды” десе , апам “келиниме сүйлөбө” дей беришет. Унчукпай келинимдин сыйын көрүп, жасаган тамагын мактап жеп, батамды берип кетип калам.

Келинимдин жаңы келгени эсиме түштү: кыргызча учурашканды билбейт, жалаң орусча сүйлөйт, ата-энемден кабар алганы коноктоп барып калсам, “Здравствуйте!”- деп басып кетет.

- Апа, келиниңиз жадакалса учурашканды билбейт го.

- Үйрөнөт, болгону сен унчукпа.

- Жок дегенде, тиги кирдеп турган терезе, ванналарды тазала десеңиз боло.

- Өзүң тазалап жууп кое бер.

Эмнеге келинине айтпайт деп, апама аябай таң калчумун. Көрсө апам иш менен тарбиялачу экен. Үйдү жууп, тазалап кеткенимди көргөн келиним уялып калчу окшойт. А мен барган сайын келинге сүйлөбөй, кыла турган иштерди өзүм эле жайгарып коюп кете берчүмүн.

Кээде келиним экөөбүз суу чачышып ойнойбуз.

Мына, азыр эми келинибиз кыргызча түш жоруйт, баарын айттырбай өзү жасайт. Үйүмө жөнөп жатып тамактарын, өзүн, көрсөткөн сыйын мактап, ыраазычылыгымды айтып бата берсем, аябай сүйүнөт. Кийинкиде мындан да катуу даярданып тосуп алат.  

Келинине катуу айтпай, иш менен тарбиялап алган акылдуу апама рахмат. Баса, баягы күнү кудагыйыбыз апама жолугуп, “кызым келген сайын сизди мактайт”,-деп айтыптыр. Бул кабарды угуп алып ичим жылыды. Жакшы келинибиз бар, тьфу, тьфу көз тийбесин, кудайым өмүрүн берсин!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт