// //

Апамды сүйгөнүнөн кызганам

2018.11.05, 12:03
1339

Саламатсызбы. Менин ата-энем кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Апам мени жалгыз тарбиялап келатат. Жарым жылдан бери апам бир киши менен жолугуп жүрөт. Мен бир чети апамдын бактылуу болушун каалайм. Бирок, аябай кызганып жатам. Тиги кишиге да апама да жиним келет. Анысы жок эле, апам экөөбүз мурункудай эле жашай берсек болот беле? Эмне кылыш керек?

 

Карлыгаш Акимкулова, Психоанализ.кг психотерапия борборунун психотерапевти

Урматтуу окурман! Мен сени түшүнүп турам. Сен кызганып да, ачууланып да, таарынып да жатасың. Бул сезимдер мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алар болбой коймок эмес. Сенин кызганганга да, ачууланганга да акың бар. Сен апаңдын башка адамды жактырып жүргөнүн чыккынчылык катары кабыл алып жатасың. Атаң менен апаң ажырашып эки башка жашап жатканын деле араң кабыл алсаң керек. Анысы бүтүп, эми ушул эле калдыбы, мени ойлогон эч ким жок, деп жатасыңбы?

Эми кел, апаңдын сезимдери тууралуу да ойлонуп көрөлү. Эмне үчүн апаң мындай кылып жатат? Же ал ушунчалык мерез кишиби? Апаң деген сага апа болгондон тышкары өзүнүн да сезимдери, жеке жашоосу бар да. Сүйүү ар кандай болот. Эне менен баланын ортосундагы сүйүү, айым менен мырзанын ортосундагы сүйүү. Чоңойгондо сен да ушундай сезимдерге туш болосуң. Алгачкы махабатыңды баштан кечиресиң. Бирок, сен башка бирөөгө баш кошсоң, бул сенин апаңа болгон жакшы көрүүңдү азайтып койбойт да туурабы?

Эгер чындап эле апаңдын бактылуу болушун кааласаң, сен анын чечимин кабыл алышың керек. Канчалык оор болуп турса да, ичиң ачышып турса да, түшүнүүгө аракет кыл. Ар бир адамдын бактылуу болууга акысы бар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт