// //

"Сен бул дүйнөдө эч кимге карыз эмессиң!" Данияр Эмиловдон кеңеш

2020.01.30, 11:13
3777

“Предприниматель” бизнес-мектебинин негиздөөчүсү Данияр Эмилов Bilesinbi.kg’де конокто болуп, ийгилик сырлары менен бөлүштү.

1.  “Эмне үчүн?” деген суроого жооп бере алган адам жашоодо ордун таап, өзүнө жана коомго пайда алып келе турган иш менен алектенет.

2. Кыйынчылыктарга карабай, максатына карай туура багыт алган адам өзүн бактылуу сезет.

3. “Эмне үчүн жана кайда баратам?” – бул бактылуу кишинин суроосу. “Кантип качып кетсем?” – бул бактысыз кишинин суроосу.

4. Эң биринчи кандай болсоң ошондой кылып өзүңдү кабыл ал.

5. Бактылуу адам дароо ийгиликтүү, бирок ийгиликтүү адам али бактылуу эмес. Ийгиликти акча менен таразаласа болот, бирок бакытты анте албайбыз. Бакытты бир гана адам өзү сезет.

6. Бардык нерсени акча менен баалаган адамдын чыныгы бакытка жетишинен күмөн бар.

7. Менин төрт баалуулугум:

Биринчиси – бул дүйнөдө бардык нерсе убактылуу. Бир нерседен корксом, дароо ушул сөз оюма келет. Дал ушул баалуулугум менен иш кылам. 

Экинчиси – бир нерсени алганды билсең, бергенди да бил. Эгер бере алсаң, алганды да бил. Эч кимдин акысын жебе. Ошондо гана сый-урматка ээ болосуң.

Үчүнчүсү – эч качан багынба, колуңду түшүрбө. Кыла албайт экенмин деп, ишти аягына чейин чыгарбай колуңду түшүрүп койсоң, кийин мындан да жаман болот.

Төртүнчүсү – сен бул дүйнөдө эч кимге карыз эмессиң. Жасаган нерселериң – бул сенин каалооң болушу керек. Буга карызмын же тигиге карызмын деп жүрө берсең, өзүңдүн эмес, башка бирөөнүн жашоосун жашайсың.

8. Өзүмдү-өзүм жакшыдан жаман жакка жоготуп койгондон корком. Бир убакта тааныган адамдарым акча, бийликтин айынан өздөрүн жоготуп, таптакыр башка бирөөгө айланып кетишкен. Кудайым колума акча берди, бактыга жараша өзүмдү жоготподум. Эми бийлик берсе кандай болоорун эч ким билбейт.

9. Эч качан эч нерсеге өкүнбө!

10. Же азыр жасайсың, же такыр жасабайсың.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт