// //

Атамды байлап койсок, "ылайым бактысыз болгула" деп каргады

2020.01.28, 18:21
25514

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында атасына болгон таарынчы тууралуу баяндалат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

Айпери: биздин ордубузга уул берсе болмок экенин айтат

Үй-бүлөдө 8 кызбыз. Эң кичүүсү мен. Жакында турмушка чыгам. Бирок, атамдын каргышы тиеби деп корком.

Чыр-чатак биздин үй-бүлө үчүн нормалдуу көрүнүш. Анын негизги себеби атамдын уулдуу болбогону. Ал ар дайым “сен мага эркек төрөп берген жоксуң, артыман туяк калбайт!” - деп апамдын жүрөгүн оорутат.

23 жаштамын. Ушул күнгө чейин атамдын “кызым” деген сөзүнө зармын. “Ата” деген эле аты болбосо, кыздарына мээрими жок. Кичинемде классташтарымдын атасы мектепке келсе, суктанып карачумун. Алардын ордунда болуп калсам гана деп кыялданаар элем. А менин атам мектепке бир да жолу басып барбады.

Сабак канчада бүтөөрүн билет, үйгө беш мүнөт кечигип барсам сабайт. Таяк жегенден коркуп оор сумкамды көтөрүп алып үйдү көздөй чуркайм.

Жетимишке чыкты. Арак ичет. Бир-эки ай токтотот, анан кайра эле баягы кейпине түшөт. Эми ичкен адам кандай болоорун билесиңер. Кээде айла жоктон өзүнө келсин деп байлаганга туура келет. Ошондо бизди болушунча каргайт: убалыма калгыла, кийин балаңар какшатсын, ылайым бактысыз болгула ж.б. Айткылачы, кандай ата өз кыздарын каргайт? Бизди эмнеге мынчалык жаман көрөт?

“Кыздардын колунан эч нерсе келбейт, силердин ордуңарга уул берсе болмок”, - дейт.

8 кыз баарыбыз билимдүүбүз. Улуу эжемдер жеке ишкер. Турмуш курушкан. Бактылуу жашашат. Бизди бул даражага жалгыз апам жеткирди. “Билимдүү болгула”,- деп Москвага барып иштеп окутту.

Атам үчүн эмнелерди гана кылбадык. Ар жылы жолдомо алып эс алууга чет жакка жөнөтөбүз. Бирок баары бир жакпайбыз.

Бир күнү досторкондо  чай ичип отурганбыз. Капыстан атамдын жини кармап, “бактысыз болуп кал”, - деп бата кылып туруп кетти. Күйөөгө чыксам каргышы тиеби деп корком. Ооба, мойнума алым, кээде атама, “аксакал болуп калдыңыз, намаз окуңуз, ичпеңиз”,- деп айтам. Ошон үчүн жакпайм.

Сурайын дегеним, атам мас болгондо же апамды сабап киргенде, бизди урганда байлап койчубуз. Ал болушунча каргайт эле. Ошол каргыштары тиеби?

Адистер эмне дейт

Кадыр Маликов, теолог

Эгер адам чынында эле мас абалында болсо, жакшы көрүп, жолдомо сатып берип кам көргөн кыздарынын мээнетин баалабаса, өзүнө келсин деп байлап койгонуңардагы айткан дубалары кабыл алынбайт. Бирок, эң негизгиси силердин ниетиңер таза болуш керек. Себеби алар кандай гана болбосун, өзүлөрүн кандай гана алып жүрбөсүн, баары бир ата-эне. Ошондуктан, кудайдын ыраазычылыгы үчүн ата-энелерге жакшылык кылып, сабырдуу жана чыдамдуу болууңар зарыл.

Атаңар силерди баалабаса, мас абалында жаман сөздөрдү айтып таарынтса, анын айткандары кудайга жетпейт. Биринчиден ал аффект абалында болгон, экинчиден балдары мындай жумшак аракеттери менен аны жаман нерсе жасоодон токтоткон. Эң негизгиси ата-энелерди таарынтып же аларга кол көтөрүү сыяктуу зордук-зомбулук жасабаш керек.

Ата-энелер өздөрүнүн билимсиздигинен, түркөйлүгүнөн же кандайдыр бир абалда болуп жөн жерден каргаса алардын дубасы кабыл алынбайт. Ошондуктан сиз коркпой эле коюңуз.

Маанилүүсү ниетиңиз таза болуп, кандай гана болбосун ата-энеңизди сүйүшүңүз керек. Ата-эне – бул сыноо, ар кандайлары болот. Жакшы ойлоңуз, атам оңолуп, ыймандуу болсун деп дуба кылыңыз.

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызда бул жарык дүйнөгө келишиңиз менен бир ката кетирип алгандай сезимдер байкалып турат. Ата-энеңиз уул күткөн, бирок кыздар төрөлгөн. Атаңыз сизге оодарып койгон күнөөнү өзүңүзгө алуунун кереги жок. Атаңыздын сизге болгон мындай мамилеси, анын эмоционалдык жактан жетиле электигинен кабар берет.

Бой жеткенде атаңыздын каргыштарын эстеп, бактылуу үй-бүлө кура аламбы деп күмөн санап жатасыз. Адатта, айтылган сөздөргө ишене баштасаңыз, алар  орундалат. Адам бир нерсеге ишенсе, өзүн программалайт, анан баары оюндагыдай болот. Сиз азыр атаңызды кечирип, мурунку жаман ойлордун ордуна позитивдүү ойлорду орнотуңуз. Мисалы, “мени бактылуу нике күтүп турат”, “мен бакытка татыктуумун” дегендей. Баары өз колуңузда.

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “эмне ыйлайсың, төрөбөй жүргөн сен эле бекен” деп көзүмдү ачты

Ооруп төшөккө жатып калгандан кийин кайын энемдин ким экенин билдим

Кышында да эшикке жуунасыңарбы деп кошунабыз каткырып шылдыңдады

Нанга жетпей отурсак, туугандар пардаңар кантет деп сынап кетишчү

Күйөөмө жатыным жок экенин айтсам, берген жообу таң калтырды

Апамды 10 баласы менен таштап кеткен атам бутубузга турганда кайтып келди

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
06.02.2020, 20:22

Мен 24 жаштамын. Жигитим менен 4 жыл суйлошуп жакында эле нике окутуп алдык башка шаарда. Бир бирибизди катту суйот элек. Бирок 4 жыл ичинде коп нерселер болуп кетти. Биринчи таанышып кыз жигит болуп жургонубуздо урушуп кетип бир ай суйлошпой калганбыз. Кайра жараштык суйлошуп журдун мен жигитимди катту суйуп калгам.  Корсо биз бир ай ичи суйлошпогондо уйлонгон экен. Агада чыдадым унуталбай кайра суйлоштук. Аялы билип мени коп каргап жазган. Ошол каргыштары мага тиеби? Эмне кылсам болот? Азыр аялы кыргызстанда 2 балалуу болушкан жакшы аял намаз окуйт. куйоомдун туугандары аялы билбейт. Менин туугандарым билишкен баары. Мен болсо жигитим жанына келип , нике окутуп алдык. Апам аран фразы болду. Азыр эмне кылышымды билбей калдым. Ото кызганам ыйлайм коп нерв болом. Уктап калганда аялы менен жазышкандарын окуп алдым мени кантип эркелетсе аныда ошентип эркелетет. Ичим куйуп кетти окуп. Кетейин десем кетирбейт болду сен менин аялымсын торойсун эч Жака кетпейсин деп. Эмне кылсам айтпай кетип калсамбы? Менин айыман уй булоосу бузулушун каалабайт элем. Бирок ото катту суйом. Сураныч жардам берип койунчу эмне кылсам

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт