// //

Айбек Дайырбеков: режиссёр өжөр болушу керек

2018.11.03, 11:26
1277

“Билесиңби” долбоорунун бул жолку коногу режиссёр, сценарист жана продюсер Айбек Дайырбеков жаштардын суроолоруна жооп берди.

Тасмалардагы киноляптарга кандай  карайсыз?

Тасма айдыңында киноляптарды көзөмөлдөгөн атайын адис болот. Калем, дептер, фотоаппартты көтөрүп алып, ар бир кадрды сүрөткө тартып, кемчиликтерин карап турат. Киноляп таап алсаңыз сүйүнүп коюңуз. Ал чоң көйгөй эмес.

Режиссёр кандай сапатка ээ болушу керек?

Режиссёр өжөр болушу керек. Кино оңой-олтоң жумуш эмес. Кыйынчылыктар көп болот. Талантуу бирок көк бет болбосоң жумушуң аягына чыкпай калат.

Сизге кандай жанрдагы кино тарткан жагат?

Жомокторду жакшы көргөнүмө карабастан, көбүнчө драма тартам. Баары келип каражатка такалат. Келечекте сөзсүз кыялымды ишке ашырам.

Актёрлордун эмнесине көңүл бурасыз?

Биринчиден кесипкөйлүгүнө карайм. Кечиккендерди жактырбайм, тактыкты баалайм.

Камерадан сүрдөйм. Мага кандай кеңеш бересиз?

Камерадан сиз гана эмес, ар бир адам уялат. Анын өзүнчө сүрү болот. Бир нерседен корксоң, бекинип жүрө бербей, кайра-кайра жасаш керек. Ошондо гана тажрыйбалуу болосуң.

Алдыга чоң максат коюп ага жетүүгө аракет кылгыла. Эч кимди укпагыла! Кааласаңар тоону томкоросуңар!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт