Жыныс жагымда варикоз бар. Пайда болушунун себеби кандай?
Мен 24 жаштамын. Учурда 30 жумалык кош бойлуумун. Жыныс жагымда варикоз бар. Анын пайда болушунун себеби кандай? Төрөт убагында кыйынчылык жаратпайбы? Айыктыруунун кандай жолдору бар?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Кан тамырлардын варикоздук кеңейиши кан тамырлар ооруларына кирет. Пайда болуусунун негизги себеби – прогестерон гормону. Аны кош бойлуулук гормону деп да атайбыз. Бул гормон булчуңдарды бошоңдотот (расслабляет) жана кан тамырлардын булчуң катмарына да таасирин тийгизет.
Андан тышкары кош бойлуу келиндердин кан айлануу системасында кандын көлөмү адаттагыдан көбүрөөк болот. Ошондой эле, түйүлдүк жайгашкан жатын улам чоңоюп, өсүп, табарсыкты, жыныс органдарын үстүнөн кысат. Бул кандын эркин чуркап туруусуна тоскоолдук жаратат.
Кандай жол менен көз жара турганыңызды, төрөттү кабыл алган доктур өзү чечет. Варикоздук ооруларды өз кезегинде дарылап туруу зарыл, анын күчөп кетиши эне жана бала үчүн кооптуу. Себеби тромбоз пайда болушу мүмкүн.
Тромбоз – кан тамырлардын ичинде кандын уюп калышы, жана эркин кан айлануусуна тоскоолдук жаралуусу.
Биз мындай учурларда коспрессиондук колготки, чулки кийип, бандаж тагынууну сунуштайбыз.
Сиз сөзсүз кан тамырлар хирургуна көрүнүп консультация алып коюңуз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.