// //

ФАПтагы эже балаң өлүк төрөлөт деп коркута берет. Гинеколог жооп берет

2020.01.22, 12:00
1453

Саламатсыңарбы. Мен төртүнчү балам менен кош бойлуумун, 18 жума болуп калдык буюрса.

Биринчи баламда кокусунан давлением көтөрүлүп, врачтар “белок” бар, балаң өлүк төрөлөт дешкен. Бирок, сопсонун эле эркек бала төрөп алдым.

Экинчим менен да кош бойлуу болуп жүргөнүмдө ФАПтагы эже анализдерди көрүп, “белок” көп экен, деп коркуткан.

Негизи “белок” канча болуш керек анализде? Жооп берип койгулачы, өтүнүч?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.01.2020, 12:01

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Зааранын курамында белок такыр болбоого тийиш. Айрым учурларда, кош бойлуулардын анализдеринде “белоктун” калдыктары байкалат. Бирок, бул негизинен анализ туура эмес, чогултулган учурда болот.

Ошондуктан анализ тапшыруу үчүн заара чогултуп жатканда, алдын ала жуунуп алып, таза идишке чогултуу шарт.

Бөйрөк ооруларынын жок экенин аныктап алуу үчүн дагы бир ирет заара анализин тапшырып, бөйрөктөрдү УЗИге тарттырып, бөйрөк тестин тапшырып коюу ашыктык болбойт.

Анализдердин жыйынтыгына жараша дарылануу жазылат.

Эсиңизде болсун! Эне-баланын ден соолугуна жана өмүрүнө терс таасирин тийгизе турган олуттуу оорулар белоктун көбөйүп кетүүсүнөн башталат. Ден соолугуңузга сак болуңуз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт