// //

Балама “аллергический бронхит” деген диагноз коюлду. Эмне кылышыбыз керек?

2020.01.21, 12:03
1890

Балам февралда үчкө чыгат. 4 айлык кезинде “аллергический бронхит” деп, больницага жатып чыкканбыз. Оорусу кайталанганда сөзсүз аллергиядан даарыларын ичебиз. Көп докутрларга алып бардык. Бирок биротоло жакшы болуп кете элек. Азыр дагы ооруп жатат. Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.01.2020, 12:04

Нуржамал Жаанбаева

Педиатр

Аллергиялык бронхит – бул өтө олуттуу оору. Мындайда стационарда дарыланып, аллергияны козгогон эмне экенин аныктап, аны менен контактыны мүмкүн болушунча төмөндөтүү керек.

Үй шартында төмөнкү көрсөтмөлөрдү сактоо зарыл:

  • үйдү күнүнө бир нече жолу желдетип туруу;
  • жумасына 2 жолудан кем эмес нымдуу “уборка” жасоо;
  • баланын үй жаныбралары менен контакт болуусун чектөө;
  • өсүмдүктөр гүлдөп жаткан учурда антигистаминдик препараттарды колдонуу. Бирок, кандай болбосун дарыны педиатр менен кеңешкенден кийин гана ичирүүгө уруксат берилет.

Балаңыз тез сакайып кетсин.

0
Пайдалуу жооп
А
Акылай Иманбекова
22.01.2020, 05:11

Саламатсыздарбы тишимдин тазалап нервин алганына 5 ай болду бирок дагы деле временный пломбы коюп каналды бутосо эле ооруп атат каттуу оору башталат каналды ачып тазаласа дагы ушинтип атат 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт