Баламдын көзү чылпактай берет. Эмнеден болушу мүмкүн?
Саламатсызбы. Баламдын көзү 4 айынан тартып чылпактап баштаган. Азыр 1 жаш 2 ай болуп калды. Дагы деле токтой элек. Көзгө тамчылата турган түрдүү тамчыларды, маздарды колдондук. Жардам бербей жатат. Эмне кылсак болот?
Нуржамал Жаанбаева
Педиатр
Саламатчылык. Балким, көз жашы чыга турган каналы сезгенип калган, же баланын көзүнүн түзүлүшүндө кандайдыр бир анатомиялык өзгөчөлүктөр бар, мисалы, кирпиктери өтө жыш, же ичин карап өсөт. Же болбосо бала кир колу менен көзүн ушалай берет, ошондон улам өзү инфекция киргизип алат.
Айтор, себептери түрдүү болушу мүмкүн. Эгер жашаган жериңиздеги педиатр же офтальмолог бул көйгөйдү чече албай жатса, башка офтальмологго да алып барып көрсөтүп көрүңүз.
Себеби, баланы көрбөй туруп, бир нерсе деп айтуу жана жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес.
Балаңыз ден соолукта болсун!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.