// //

Күйөөм хламидиоз жуктуруп келиптир. Биз балалуу боло алабызбы?

2020.01.20, 11:07
1258

Турмушка чыкканыма бир жылдан ашты. Жолдошум шаарга барып келип иштейт. Балалуу боло элекпиз. Мындан жарым жыл мурун дарыланып жүргөн, анысын мага айткан эмес. Көрсө, хлимидиоз вирусун жуктурган экен. Мага да жугузса керек.

Менин суроом: биз балалуу боло алабызбы? Бул оору канчалык деңгээлде коркнучтуу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.01.2020, 11:08

Азат Бейшенов

Уролог

Хламидия – деген вирус, клетканын ичиндеги вирус (внутриклеточный) болуп саналат. Андай вирустарга:

  • хламидия
  • микоплазма
  • уреплазма ж.б. кирет.

Башкача айтканда, ал адамдын денесинде көп жылдар бою жашап жүрө берет. Кийин иммунитет түшүп кеткенде, же вирус үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөндө билинет.

Андыктан жолдошуңуз бул инфекцияны үйлөнө электе, мындан 6-7 жыл мурун жугузган болушу мүмкүн. Жогоруда аталган инфекциялар көптөгөн ооруларга себепкер. Мисалы: пиелонфрит, цистит, уретрит, простатит ж.б.

Хламидия башка вирустарга салыштырмалуу татаал дарыланат, бирок, дарыланат. Дарыгерлердин көрсөтмөлөрүн сактап, дарылансаңар сөзсүз балалуу болосуңар.

Сиз да гинекологго көрүнүңүз.

Күйөөңүз дарыларын ичип бүткөндөн кийин сөзсүз спермограмма тапшырып, бир сыйра текшерүүдөн өтсүн. Кийин кош бойлуулукту пландаштырып, алты саны аман балалуу болуп аласыңар.

Ден соолукта болгула!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
03.02.2020, 00:12

Саламатсыздарбы? Мен жакында үйлөнүү планын коюп жаткам. Бойдокчулук та сактанбай эле кошулган элем. Бирок өзүмө сомнение боло берем оору болбосо деле какой-то вирус жуктуруп алдымбы деп. Урологго кайрылышым керек бирок Бишкектин кайсы больницасына барсам туура болот, акысы канча сурайын дедим эле. Менин пропискам Нарында бирок Бишкекте жашайм.

 

 

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт